Новости

Кафедра башчылары үчүн атайын семинар уюштурулду

ОшМУнун окуу-информациялык департаменти жана сапат жана аккредитациялык департаменти тарабынан 8-9- сентябрь күндөрү кафедра башчылары үчүн “Адистерди даярдоонун сапатын өркүндөтүү-кесиптик билим берүүнү модернизациялоонун башкы фактору” деген аталыштагы семинар уюштурулду.

Семинардын жүрүшүндө окуу иштери боюнча проректор Расул Абазбек уулу “Кафедранын материалдык базасын чыңдоо иштери”, Сапат жана аккредитациялык департаментинин директору М.Алтыбаева “Методикалык иштердин негизги приоритеттери”, ОИДдин директору Р.Арапбаев “Окуу иштерин пландаштыруудагы өзгөчөлүктөр”, “Кафедранын ПО курамынын квалификациясына талаптар”, ОИДдин адиси Т. Ибраимов “AVN системасындагы кафедрага тиешелүү программалар жана отчеттор” деген темалар боюнча маалымат беришти.

Семинардын катышуучулары учурдагы билим берүү мейкиндигинин тенденцияларын эске алуу менен адистерди даярдоонун сапатын өркүндөтүү, кафедранын ишмердигин пландаштыруу жана уюштуруу жолдорун талкууга алышты.

4057 09:59 13-09-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|