Новости

ОшМУда чет өлкөлүк алдыңкы университеттердин окумуштууларынын катышуусунда форум болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде 8-9-сентябрь күндөрү англис тилин окутууда заманбап коммуникативдүү методдорду колдонуу боюнча эл аралык форум болуп өттү.

Аталган форумга Япониянын Конан университетинин профессору британиялык Роджер Палмер жана америкалык окутуучу Майкл Коллинз, Кайчи, эл аралык университетинин профессору жаны зеландиялык Элизабет Лендж, Тезукаяма Гакуин университетинин профессору канадалык Грег Роалт, Киото Бункио университетинин профессору америкалык Лоуренс Леви жана Гакушуин университетинин профессору кореялык Джон Парк катышышты.

Аталган окумуштуулардын демилгеси менен түзүлгөн англис тили мугалимдеринин ассоциациясы ТНТ (“Мугалимден мугалимге жардам”) өнөктөштүк демилгеси менен Кыргызстандын англис тилчи мугалимдерине усулдук жардамдарын көрсөтүүдө. Форумдун биринчи күнүндө жогорку окуу жайларда англис тилин окутуунун инновациялык усулдары тууралуу маселелер талкууланса, экинчи күнүндө орто окуу жайларында англис тилин окутуунун эффективдүү усулдарына басым жасалат.

4354 09:43 13-09-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|