Новости

Кыргыз-Европа факультети студенттерге 5 адистик боюнча билим бере баштады

ОшМУда жаңы ачылган Кыргыз-Европа факультети студенттерди кабыл алып, билим бере баштады.

Испаниянын Кадис университети менен биргеликте ачылган Кыргыз-Европа факультетинде окутуу англис тилинде жүргүзүлүп, учурда европа таануу, лингвистика (котормо жана котормо таануу), эл аралык бизнес жана башкаруу, эл аралык туризм, эл аралык жана европалык укук адистиктерине студенттер кабыл алынган.

Аталган факультет европалык билим берүү моделдерин колдонуу менен студенттердин Европалык алдыңкы университеттерден билимин улантуусуна, Европалык Союздун билим берүү тармагындагы ийгиликтүү гранттык программаларына катышууга, кош диплом алуусуна чоң мүмкүнчүлүк берет.

Факультетте эл аралык укук, бизнес жана туризм кафедрасы, Америка-Европа таануу, лингвистика кафедралары иш жүргүзүүдө. 119 студент кабыл алынган факультеттин окуу имараты жаңы окуу жылына карата толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, учурда билим берүү толук кандуу жүрүүдө. Факультетти ОшМУнун доценти Мараш Оглы Шукри Вазирович жетектөөдө.

5636 15:01 08-09-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|