Новости

Ф.-м. и.д., профессорлор К. Алымкулов, Д. Турсуновдун изилдөөлөрү дүйнөлүк масштабдагы «Козголуу теориясындагы соңку изилдөөлөр» китебинде жарык көрдү

ОшМУнун эки окумуштуусунун козголуу теориясындагы илимий изилдөөлөрү Болгария Илимдер Академиясынын «Эл аралык техника» уюмунун илим, технология, медицина боюнча интернетте ачык окулуучу китепте жарык көрдү. Илимий изилдөөлөр камтылган китеп «Recent studies in perturbation theory» деп аталып, 7 бөлүмдөн турат.

Китептин биринчи бөлүмүндө Кыргызстандан эки окумуштуунун ф.-м. и.д., КР УИАнын мүчө-катчысы Келдибай Алымкулов жана ф.-м.и.д, профессор Дилмурат Турсуновдун 42 беттен турган илимий изилдөөлөрү берилген. Ал эми китептин 2-3- бөлүмүндө Кытайдын, 4- бөлүмүндө Япониянын, 5- бөлүмүндө Украинанын, 6- бөлүмүндө Грециянын, 7- бөлүмүндө Кубанын белгилүү окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү киргизилген.

Бул монография “Web of Science” базасында катталган.

Студенттер, изденүүчүлөр, аспиранттар, окумуштуулар интернеттен

https: www.intechopen.com/books/recent-studies-in-perturbation-theory ccылкасынан окуганга болот.

5240 14:43 19-07-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|