Новости

ОшМУда Кыргыз-Европа факультети, Киноакадемия, IT Академия ачылды

ОшМУда жаңы ачылган структуралар заманбап кесип ээлерин даярдайт. 2017-2018-окуу жылына карата университетте Кыргыз-Европа факультети, Киноакадемия, IT Академия ачылды.

Испаниянын Кадис университети менен биргеликте ачылган Кыргыз-Европа факультетинде окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Жаңы окуу жылына Кыргыз-Европа факультети америка таануу, европа таануу, лингвистика-котормо жана котормо таануу, бизнести башкаруу (эл аралык бизнес), туризм (эл аралык туризм), юриспруденция (эл аралык жана европалык укук), мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (саясат таануу жана укук) адистиктерине кабыл алууну баштады. Аталган факультет европалык билим берүү моделдерин колдонуу менен студенттердин Европалык алдыңкы университеттерден билимин улантуусуна, Европалык Союздун билим берүү тармагындагы ийгиликтүү гранттык программаларына катышууга, кош диплом алуусуна чоң мүмкүнчүлүк берет.

Актердук өнөр, кинооператорлук, режиссер багытында адистиктерди даярдоочу ОшМУнун Киноакадемиясы актердук өнөрдү аркалоону максат койгон таланттарды, чыгармачыл жаштарды, кинооператор, режиссер багытында мыкты адис болуп, жашоонун түркүн боекторун көркөм тасмага түшүрүүнү эңсеген абитуриенттерди алгачкы карлыгач болууга чакырат. Окуу мөөнөтү 5 жыл, жалпы ресрубликалык тестирлөө талап кылынбайт.

Учурда бардык кесиптер заман талабына ылайык IT технологияны пайдаланууга өтүштү. Бул багытта ОшМУда ачылган IT Академия прикладдык процесстерди компьютерлештирүү (инженер, инженер технолог, өндүрүштөгү колдонмо процесстерди механизациялаштыруу жана автоматташтыруу инженери, инженер-программист), локалдык тармактар администратору (локалдык тармактарды жана компьютерлерди тейлөө, Windows жана UNIXLinux операциондук системаларын администирлөө), INTERNET-технология (Web-аналитик, Бек-енд иштеп чыгуу, Фронт-енд иштеп чыгуучу, сайттын администратору, Web-программист, HTML-версткалоочу, Web-дизайнер) багыттарында 1 жыл аралыгында адистерди даярдайт. IT Академиянын алкагында Web-программист, робототехника жана программалоо, ANDROID программист багыттарында жана кыска мөөнөттүү курстарды уюштурат (4-11-класстардын окуучулары үчүн тайпалар түзүлөт).

IT Академия иштеп чыккан программалык каражаттар: www.oshsu.kg сайты, www.osht.kg сайты, www.oshgui.kg сайты, www.ibooks.oshsu.kg электрондук китепкана, www.plagiat.oshsu.kg антиплагиат системасы, www.statmyadmin.oshsu.kg кабыл алуу комиссиясын автоматташтыруу системасы, www.mediacentre.oshsu.kg системасы, 8bit Аптека системасы, 8bit Бильярд системасы, 8bit Маркет системасы.

Заманбап талаптарга негизделген, учурдун талабына шайкеш, келечектүү кесиптин ээси болууну самаган жаштарга ОшМУ канат болуп берет!

11402 11:44 17-07-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|