Новости

Казакстандын Назарбаев университетинин жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов ОшМУда мейман лекция окуду

28-июнь күнү Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин конференц залында Казакстандын Назарбаев университетинин жогорку билим берүү мектебинин профессору, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Дүйшөн Шаматов "Кыргызстандагы ЖОЖдордо эффективдүү окутуунун стратегиялары" деген темада лекция окуду.

Конок лекцияга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абазбек уулу Расул, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан, билим берүү мекемелеринен да угуучулар катышты.

Лекцияда заманбап талаптарга негизделген окутуунун эффективдүү стратегиялары боюнча кеңери түшүнүк берилип, жаңы инновациялык усулдардын жардамында билим берүүнүн балага тийгизген таасири боюнча кызыктуу талкуу, топтордо иштөө сыяктуу усулдар менен коштолду.

4290 16:12 28-06-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|