Новости

«Акыркы конгуроо-2017» бүтүрүүчүлөр менен коштошуу аземинде алдыңкы бүтүрүүчүлөргө сертификаттар ыйгарылды

Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында 27-июнь күнү кечинде алдыңкы бүтүрүүчүлөргө сый-урмат көрсөтүлүп, «Акыркы конгуроо-2017» аземи уюштурулду. Аземде бүтүрүүчүлөр, ректораттын курамы, декандар академиялык кийим кийишти.

Салтанаттуу кеченин ачылышында КРдин Гимни коюлуп, мекенге, университетке болгон сүйүү, урматтоо, сыймыктануу сезимдери менен башталды.

“Адамгерчилик менен ыймандын, мээнеткечтик менен эмгекчилдиктин, изденүү менен умтулуунун, кыял менен максаттардын, жаштык менен сүйүүнүн, жакшылык менен гумандуулуктун ыйык турагы болгон баарыбыздын сыймыгыбыз, туу туткан касиеттүү билим бешигибиз Ош мамлекеттик университетин жарык жүз, бийик ишеним менен аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрүбүздү бүгүнкү бүтүрүү кечеси менен ак дилден куттуктаймын”,- деген университеттин ректору Каныбек Исаков: “Бүгүн силер окууну аяктап жатып, өткөргөн кызыктуу да, мазмундуу да, романтикалуу да күндөрдү артка калтырып бара жатасыңар! Элибиз силерден көп нерсени күтүп жатат. Биз силердин ошол тилек –максаттарды ишке ашырышынарга ишенебиз. Силерге тарбия берип, бапестеп өстүргөн, билим алууңарга шарт түзгөн ата-энегерге, 4 жыл аралыгында талыкпай билим, тарбия берип, туура жолго баштаган агай-эжекелериңерге терең ыраазычылык билдиребиз. Келечегиңерде жалаң гана жакшы инсандар жолдош болсун”, -деди. Ошондой эле ОшМУну артыкчылык диплому менен аяктап жаткан жогорку билим берүүдөгү 159 студентке, орто кесиптик билим берүүдөгү 77 студентке жана магистратураны аяктап жаткан 74 магистрге артыкчылык дипломун тастыктаган сертификаттарды тапшырды.

“Бүгүнкү күн өзгөчө окууну аяктап жаткан уул-кыздардын, ата-энесинин, чон эне, чоң-аталарынын эсинде түбөлүктүү сакталып, жүрөгүндө уюп калса керек. Анткени мен да 39 жыл илгери ушул окуу жайдын туурунан учканмын. Бүгүнкү университеттеги жаңылануулар, өзгөрүүлөрдү көрүп, угуп, ар дайым сыймыктанып келемин. Бул үчүн талыкпай эмгектенип келе жаткан жамаатка, жетекчиликке ыраазычылык билдирем. Бүтүрүүчүлөрдүн келечеги кең болсун”,- деди бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелеринин атынан сөз сүйлөгөн Токтобек Аракеев.

Ошондой эле салтанатта мыкты бүтүрүүчүлөр да өз каалоо-тилектерин билдиришип, окуткан агай-эжекелерине, ОшМУнун жамаатына ыраазычылык сөздөрүн жолдошту. Кеченин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдүн урматына концерттик программалар тартууланды.

6592 15:18 28-06-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|