Новости

ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура департаментин аяктап жаткан мыкты магистранттар сыйланды

Быйылкы окуу жылы ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура департаментин 26 багыт боюнча 211 бүтүрүүчү окууну ийгиликтүү аякташты.

Магистранттардын бүтүрүү кечеси 27-июнь күнү уюштурулуп, алгач ар бир факультеттин декандары, магистратура башчылары, программа жетекчилери мыкты бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте жыйындар залынан орун алышты.

Бүтүрүү салтанатында университеттин ректору Каныбек Исаков жалпы магистранттарды куттуктап, илим жолунда талыкпай эмгектенип, ийгиликтерди багындырууларын каалады жана окууну ийгиликтүү аяктап жаткан 74 магистрантка артыкчылык дипломун тастыктаган сертификаттарды тапшырды.

Салтанаттуу жыйындын жүрүшүндө саамалыкка конок катары катышып жатышкан Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Асанов, ОГПИнин ректору Б.Зулуев жана башка бир топ өнөктөштөр кутуктоо сөздөрүн айтышып, учурда заман менен тең жарышып, жаңыны жаратып жаткан Ош мамлекеттик университетинин кесипкөй, компотенттүү кадрларды даярдап берүүдө кошуп жаткан үлкөн салымдарын белгилеп, ыраазычылыктарын айтышты.

Өз кезегинде ОшМУнун атынан мыкты иш берүүчү өнөктөштөргө “ОшМУнун эң мыкты өнөктөшү” деген номинациялары тапшырылды.

ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура департаментин башчысы Таасилкан Жумабаева магистрлер бирикмесинин жобосу менен тааныштырып, аталган жобо магистрлер тарабынан кабыл алынды жана бүтүрүүчүлөр “Магистрлер ассоциациясына” мүчөлүккө кабыл алынышты.

Бүтүрүүчүлөргө арналган азем концерттик программалар менен коштолуп, магистрлердин куттуктоо сөздөрү да орун алды.

Белгилей кетсек, магистратурада жогорку окуу жайды жаңы гана бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдөн тартып мектеп мугалимдери жана директорлору, колледждердин, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары, банк кызматкерлери да билим алышууда. Магистратура бөлүмү былтыркы окуу жылы 26 багыт боюнча билим берсе, жаңы окуу жылында юриспруденция адистигине лицензия алынды.

ОшМУ үч баскычтуу билим берүүгө (бакалавриат, магистратура, PhD докторантура) укук алган республикадагы 2 мамлекеттик университеттин бири болуп эсептелет.

4779 09:13 28-06-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|