Новости

Ички академиялык мобилдүүлүктү чыңдаган “Ош декларациясы” аракетте

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 14-16-июнь күндөрү болуп өткөн «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аттуу II республикалык ЖОЖдор арасындагы студенттердин достук фестивалы жана «Ош декларациясынын» II отуруму жыйынтыкталды.

Фестивалга «Ош декларациясына» кол коюшкан Талас мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Ош мамлекеттик университеттеринин, ОГПИнин ректорлору, таланттуу студенттери атайын программалары менен катышты. Ошондой эле 7 дубандан барган коноктор аталган окуу жайдын окуу базалары, Каракол шаарындагы “Бугу-Эне” зоопаркы, К.Карасаевдин жана Н.А.Пржевальскийдин тарых музейлери менен таанышып, Жети-Өгүз капчыгайына да саякат жасашты. Ошондой эле ички мобилдүүлүктү мындан ары өркүндөтүү, биргелешкен конференция, симпозиум, онлайн-лекция, видео-конференцияларды, биримдикке, достукка үндөгөн фестивалдарды жандантуу боюнча атайын резолюция кабыл алынды.

Белгилей кетсек, алгач ирет 2016-жылы Ош мамлекеттик университетинин демилгеси менен башталган достук фестивалы жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, студенттер арасында аймактык достукту бекемдөө максатында уюштурулган. Фестивалдын алкагында ЖОЖдор арасында педагогикалык тажрыйба алмашуу, студенттерди, жаш окумуштууларды, тажрыйбалуу профессорлорду алмашып ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча түзүлгөн “Ош декларациясына” кол коюлган.

Декларация кабыл алынган бир жыл аралыгында 7 дубандын жогорку окуу жайларынын 150дөн ашуун студенттери ички академиялык мобилдүүлүктөн өтүштү.

5064 09:47 21-06-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|