Аталган жыйынга КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары К. Кожобеков, Саламаттыкты сактоо министрлигинен Н.Уметалиева жана бардык медициналык колледждеринин директорлору, тиешелүү өкүлдөрү катышышты. Тегерек столдо КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков “Кредиттик технологиялардын негизинде окуу пландарын түзүүнүн жолдору” деген темада семинар өтүп берди.
Аталган жыйындын алкагында республика боюнча бардык колледждердин окуу пландары каралып, жыйынтыгында ОшМУнун медициналык колледждери тарабынан түзүлгөн окуу пландары жактырылып, үлгү катары кабыл алууга Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Билим берүү жана илим министрлигине бекитүүгө жиберилди.
Ошондой эле Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясы түзүлүп, ассоциациянын президенттигине ОшМУнун Өзгөн медициналык колледжинин директору Өзгөнбай Станбаев шайланды.