Новости

Акын Улукбек Омокеевдин “Ата-Cүйүү” аттуу ырлар жана эсселер жыйнагынын бет ачары аземи өттү

Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу, университеттин “Нур” гезитинин редактору, акын, “Жаз жыты”, “Кеч күздөгү сулуулар” ыр жыйнактарынын автору, “Жигер” чыгармачылык борборунун түзүүчүсү, бир нече публицистикалык, көркөм-публицистикалык макалалардын автору, Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалынын лауреаты Улукбек Омокеевдин “Ата-Cүйүү” аттуу көлөмдүү ырлар жана эсселер жыйнагынын бет ачары бүгүн, 5-июнь күнү Ош шаарындагы Бабур театрында тартууланды.

Чыгармачылык кечеде Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Балтабаев, акындын туулган жери Кара-Кулжа райондук администрациясынан, Чалма айыл өкмөтүнөн өкүлдөр, акынды окуучулук күндөрүндө адабият сабагынан шыктандырып, билим берген мугалими Ш.Шамшиев, Ош облустук Жазуучулар союзунун төрагасы Ж.Турабаев, акындын устаты, ар дайым чыгармачыл жаштарга колдоо көрсөтүп келген ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, университеттин жамааты, сөз бакан акындын тууган-уругу, устаттары, шакирттери, республикабыздын булуң-бурчунан жана Россиядагы мигрант акындардын атынан келген жоон топ акын-жазуучулар катышышып, акындын чыгармачылык чыйыр жолунда ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакыт-таалайды каалашты. Ошондой эле ар бир жамаат жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрүн айтып, Ардак грамота, акчалай сыйлык, баалуу белектерин ыйгарышты.

Өзгөчө шаң менен коштолгон китептин бет ачарында 1 саат бою акындын калеминен жаралган чыгармалар «Жигер» чыгармачылык жаштар борбору тарабынан сахналаштырылып көрсөтүлүп, акындын ырларына жазылган обондор жалпы поэзия сүйүүчүлөрүнө тартууланды.

«Улукбек Омокеев кыргыз профессионал адабиятында жаңы ысым, жаңы жүз»,-деп баа берген адабиятчы, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков бүгүнкү замандын поэзиясынын жаңы агымын баштаган Улукбек Омокеев бүгүнкү күндө жан дүйнөсү аруулука ширелген, коомду позитивге үндөп, ыйман деградациясына туруштук бере ала турган, күрөшө турган жаштардын башын кошуп, аларга дем-күч берип, жоон топ жаштардын башын кошуп «Жигер» чыгармачылык жаштар борборун жетектеп келе жаткандыгын белгиледи.

6328 16:05 05-06-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|