Новости

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү дастанчы, ырчы, обончу, композитор, акын ОшМУнун профессору Жолболду Алибаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди

Бүгүн, 19-май күнү Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү дастанчы, ырчы, обончу, композитор, акын ОшМУнун профессору Жолболду Алибаевдин 70 жылдык мааракесине арналган мааркелик салтанат ОшМУнун демилгеси менен Ош улуттук драма театрында болуп өттү.

Салтанатты алгач маараке ээси Жолболду Алибаев жалпы келген конокторго саламын айтып, өзүнүн өмүрү, чыгармачылыгы камтылган ырын комуздун коштоосунда элге тартуулады.

Мааракенин жүрүшүндө Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Туратов, КРнын Өкмөтүнүн, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, КРдин Маданият, маалымат, туризм министрлигинен, Өзгөн районунун администрациясынан келген атайын өкүлдөр, белгилүү коомдук ишмерлер, жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилери куттуктоо сөздөрүн жолдошуп, белектерин тапшырышты.

Өзгөчө мааракени белгилөөгө даярдык көрүп, колдоо көрсөтүп келген Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков жалпы жамааттын коштоосунда куттуктоо жолдоду. «Жолболду агай өзү залкарларды ырдап, даңазалап жүрүп, алардын философиялары менен аралашып жүрүп, эс-акылында алардын ой-тилегин, берейин деген оюн окуп, кыялында алар менен сүйлөшүп, баарлашып жатып, алардын чыгармачыл мектебинен өтүп, такшалып, каныгып, тажрыйбасын сиңирип, өзү да залкарга айланып кеткенин билбей калды.

Азыр Жолболду Алибаев акыркы жыйырма жылдан бери өзү окуп бүткөн, өнөр сыйкырына бөлөнгөн Ош мамлекеттик университетинде профессор катары жаштарга таалим-тарбия берип, акыл-насаатын айтып, өз курагына жараша заман ырларын, эли журтубузга айта турган акыл-насаат ырларын ырдап, жол көрсөтүп, өзү да обон жаратып, өзүнчө бактылуулуктун доорун сүрүп иштеп, жашап жатат. Биз мындан ары да сиздин чыгармачылыгыңызга шарт жаратып, материалдык-моралдык жактан колдоо көрсөткөнгө дайым даярбыз”, -деп жалпы жамааттын куттуктоосун, белегин, акчалай сыйлыгын тапшырды.

Кеченин жүрүшүндө Жолболду Алибаев жана анын таланттуу шакирттеринин концерттик программасы тартууланды.

Кеченин соңунда Жолболду Алибаев мааракеге келген жалпы конокторго ыраазычылык сөзүн билдирди.

Белгилей кетсек, жыл ичи Жолболду Алибаевдин 70 жылдык мааракесине арналган сүрөт көргөзмөлөр, чыгармачылык кечелер, тегерек стол, жолугушуулар, концерттер уюштурулду, ошондой эле Ж.Алибаевдин өмүр чыгармачылыгындагы урунттуу учурлар, адамдык бейнесине сүртүмдөр берилген өмүрлүк жары Бүсайра Абдыкаарова тарабынан жазылган «Ашык кылган адам жөнүндө баян» деген аталыштагы эскерме-баян китеби жарык көрдү.

5102 16:29 19-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|