Новости

ОшМУда “Магистратуранын келечеги жана учурдагы маселелер” аттуу магистратура бөлүмүнүн уюштурулгандыгынын 3 жылдыгына жана магистратура күнүнө арналган конференция болуп өттү

Конференцияны ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Таасилкан Жумабаева ачып, ОшМУда магистратура жана PhD докторантура бөлүмүн ачылгандыгына байланыштуу, бөлүмдөгү иштерди активдештирүү, иштеген окутуучулардын, программа жетекчилеринин, бөлүм башчыларынын иштерин стимулдаштыруу максатында 23-апрель ректордун буйругу менен “Магистратура күнү” деп белгиленип, бир жылдык иштердин жыйынтыгы боюнча мыктыларын сыйлоо, баалоо каралгандыгын белгиледи.

Конференциянын жүрүшүндө ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абазбек уулу Расул, ОшМУнун Камкорчулар Кеңешини мүчөлөрү КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Ж. Мамытов атындагы сыйлыктын ээси, акын-жазуучу Зинакан Пасаңова, көп жылдар “Сорос” фондунун түштүк филиалын жетектеп келген, учурда “Билим берүү баары үчүн” КФ директору, фил. и.к., доцент Бурул Исмаилова, магистратура жана PhD докторантура бөлүмүн түптөөгө салым кошуп, 2014-2015-окуу жылында жетектеп келген, учурда Эл аралык мамилелер факультетинин деканы э.и.к. доцент Э.Т. Камалов, 2015-2016-окуу жылында жетектеген, учурда ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, техн.и.д. проф. Идирис Кенжаев куттуктоо сөздөрүн айтышып, каалоолорун, сунуштарын ортого салышты.

Ошондой эле сыймыктуу бүтүрүүчүлөр КРИАнын түштүктөгү А. Жаманбаев атындагы жаратылыш ресурстары институтунун башкы эсепчиси Нуржайна Усенбекова, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин магистратура бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Гүлнура Султановалар куттуктоолорун айтышты.

Иш чарада каралган Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясын түзүү, анын жобосун талкуулоо боюнча ОшМУнун мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу, магистратура бөлүмүнүн 2016-жылдагы бүтүрүүчүсү Ж. Айтибаева сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясын түзүү учурдун талабы экендигин белгиледи.

Андан соң конференция катышуучулары пленардык жыйындын баяндамаларын угушту. ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы Таасилкан Жумабаева “Магистратуранын келечеги жана учурдагы маселелер” деген темада 2016-2017-жылы аткарылган иштерге кеңири токтолуп, жетишкен ийгиликтерди, кемчиликтерди белгиледи. Өткөрүлгөн иш чаралар тууралуу кеңири маалымат берип, магистратура жана PhDдокторантура бөлүмүнүн өнүгүүсүнүн жылдык стратегиялык планы менен тааныштырды.

Конференцияда магистранттар баяндамалары менен чыгышып, талкуулар менен коштолду, жыйынтыгында мыкты баяндама жасаган магистранттарга дипломдор тапшырылды.

4276 16:52 16-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|