Новости

«Ашык кылган адам жөнүндө баян» аталыштагы Жолболду Алибаевдин өмүрлүк жары Бүсайра Абдыкаарованын авторлугундагы эскерме-баян китебинин бет ачар аземи болуп өттү

ОшМУнун искусство факультетинин концерттик залында 15-май күнү «Ашык кылган адам жөнүндө баян» деген аталыштагы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү дастанчы, ырчы, обончу, композитор, акын ОшМУнун профессору Жолболду Алибаевдин 70 жылдык мааракесине карата өмүрлүк жары Бүсайра Абдыкаарова тарабынан жазылган эскерме-баян китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Аземге ОшМУнун профессордук-окутуучулук жамааты, маараке ээси Ж.Алибавдин жакын санаалаш достору, шакирттери, күйөрмандары, кесиптештери, тууган-уруктары, ОшМУнун илимий китепканасынын жамааты, студенттер катышышты.

Алгач китептин бет ачар аземине келген коноктор ОшМУнун проректору О.Шаимкулов, профсоюз уюмунун төрагасы А.Аккулов, аспирантура бөлүмүнүн башчысы Г.Анарбаева, п.и.д., профессор, акын С.Момуналиев, музыка изилдөөчү Б.Иметов, ОшМУнун илимий китепканасынын директору С.Мамбетовалар куттуктоо сөздөрүн айтышып, каалоо-тилектерин билдиришти. Ошондой эле журналист С.Абдырахманов, Ош облустук Р.Абдыкадыров атындагы филормониянын директорунун орун басары М.Сыргабаев, төкмө акын Ш.Тургунбаев, шакирти Элбарчын Калиловалар Ж.Алибаевдин чыгармачылыгы, жубайы Бүсара Абдыкаарованын залкарды, өмүрлүк жарды баалап, барктагандыгы жөнүндө сөз сүйлөшүп, обондуу чыгармаларын белек катары тартуулашты.

Китептин башкы каарманы, 70 жылдык маараке ээси Жолболду Алибаев жубайынын өзүнүн өмүрү, чыгармачылыгы, чыгармачыл чыйыр жолдо басып өткөн тагдыры жөнүндө жазылган китеп 70 жылдык мааракесине №1 белек болгондугун баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди жана өзүнүн чыгармаларынан аткарып берди.

Эки жыл аралыгында жазылган «Ашык кылган адам жөнүндө баян» эскерме-китебинде өмүрлүк жары Ж.Алибаевдин өмүр чыгармачылыгындагы урунттуу учурлар, адамдык бейнесине сүртүмдөр, өзү башынан өткөрүп, күбө болгон окуялар, турмуштун кызыктуу көз ирмемдери баяндалгандыгын белгилеген автор Бүсайра Абдыкаарова залкарларды көзү тирүүсүндө баалап, барктап алуу керектигин айтып, айтылган сөзгө караганда жазылган китеп түбөлүктүү болуп калаарын кошумчалады. Ошондой эле китептин баш сөзүн жазып, демөөрчүлүк кылган, ар дайым чыгармачыл инсандарга колдоо көрсөтүп келе жаткан ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго ыраазычылыгын билдирди. Кеченин соңунда китептин бет ачар аземин уюштурган ОшМУнун илимий китепканасынын жамаатына ыраазычылык сөзүн айтып, китепканага 10 китебин белек катары тартуулады.

Белгилей кетсек, Жолболду Алибаевдин 70 жылдык мааракесине арналган сүрөт көргөзмөлөр, чыгармачылык кечелер, тегерек стол, жолугушуулар, концерттер уюштурулду, 19-май күнү Ош улуттук драма театрында республикалык деңгээлде Жолболду Алибаевдин данктуу 70 жылдык мааракеси белгиленгени турат.

7361 16:58 15-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|