Новости

Билим, илим кызматкерлер профсоюзунун Ош областтык комитети тарабынан уюштурулган облустук спартакиадада ОшМУнун командасы баш байгени жеңип алды

Билим, илим кызматкерлер профсоюзунун Ош областтык комитети тарабынан областагы райондор, шаарлар жана ЖОЖдор аралык жыл сайын ордо, волейбол, кичи футбол, тогуз коргоол, шахмат, стол тенниси оюндары боюнча уюштурулган, салтка айланып калган “Ден-соолук-2017” спартакиадасы ушул жылдын 12-13-май күндөрү Ош мамлекеттик юридикалык институттун спорттук базасында өткөрүлдү.

Бул спартакиаданын жыйынтыгында ОшМУнун командасы жалпы эсеп менен 1-орунду, Кара-Суу району 2-орунду, ОшТУ 3-орунду ээледи. 1-орунга ээ болгон Ош мамлекеттик университети уюштуруу комитетинин башкы кубогу, дипломдору, акчалай жана баалуу сыйлыктары менен сыйланды.

Бул иш-чара профсоюз мүчөлөрүнүн арасындагы спортту жана ден-соолукту чыңдоону пропагандалоо, ал аркылуу региондор, же жамааттар арасында эле эмес, кызматкерлер арасында да жакындыкты, биримдикти жана ынтымакты камсыз кылуу максатында уюштурулуп келет.

4530 15:17 15-05-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|