Аталган теле-мостко Ярослав мамлекеттик университетинин, ОшМУнун окумуштууларынан, Москвадан атайын эксперттер катышышты.
Конференциянын жүрүшүндө ОшМУнун профессору Уран Эргешбаев, эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов, ЯрМУнун илимий кызматкери Александр Шустов жана бир топ эксперттер миграция маселеси, анын саясий, экономикалык мамилелерге тийгизген таасирлери боюнча баяндамаларды жасашты. Ошондой эле аталган теманын айланасында талкуулар болуп, эксперттердин ойлору ортого салынды.
Мобилдүү конференциянын алкагында ОшМУ жана ЯрМУнун ортосунда биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташуулары жөнүндө сөз болду.