Новости

Профессор Капар Зулпукаровдун 70 жылдыгына арналган илимий конференция уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинде илим жумалыгы өтүп жатат. Жумалыктын алкагында 25-апрель күнү филология илимдеринин доктору, профессор Зулпукаров Капар Зулпукаровичтин 70 жылдыгына арналган “Орус филологиясы Кыргызстандын этномаданий мейкиндигинде” деген темадагы илимий конференция болуп өттү.

Ага ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, профессор И. Кенжаев, аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г. Анарбаева, факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышышыты.

Конференциянын жүрүшүндө профессор Капар Зулпукаровичтин илимге, билим берүүгө кошкон салымдары, жасаган эмгектери боюнча айтылып, окутуучулардын, студенттердин илимий баяндамалары корголду.

Илимий конференциянын негизги максаты студенттердин илимий чөйрөдө иштөөсүнө жол ачуу, билим сапатын жогорулатуу, жаштарди илимге кызыктыруу, тартуу болуп саналат.

4453 10:49 27-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|