Новости

“ОшМУ периси-2017” сынагында медицина факультетинин студенти Курсантбек кызы Эльнура жеңүүчү деп табылды

Ош улуттук драма теартында 25-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин “ОшМУ периси - 2017” сынагы болуп өттү.

Сынактын финалдык туруна 13 студент катышып, ар бир катышуучу өзүн тааныштырып, көркөм окуп, интеллектуалдык викторинадагы суроолорго жооп беришти. Ошондой эле музыкалык сынак жана кечки стиль тапшырмаларын аткарышты.

Сынакка Бишкек, Ош шаарындагы белгилүү обончу, аткаруучулар, дизайнерлер калыстык кылып жыйынтыгында медицина факультетинин студенти Курсантбек кызы Эльнура гран-прини жеңип алып “ОшМУ периси-2017” номинациясына ээ болду жана уюштуруучулар тарабынан Дубай шаарына эс алууга жолдонмо менен сыйланды.

Биринчи орунду ээлеген педагогика жана дене тарбия факультетинин студенти Арстанбек кызы Диана “ОшМУнун акыл карачачы-2017” номинациясына ээ болду, ал эми табият таануу жана география факультетинин студенти Абдрахманова Айжан “ОшМУнун ажарлуу периси-2017” номинациясына ээ болсо, медициналык колледждин студенти Дүйшөн кызы Айдай “ОшМУнун таланттуу периси-2015” номинациясына ээ болуп диплом, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Ошондой эле сынактын бардык катышуучуларына ОшМУ тарабынан Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жолдонмо берилди.

Белгилей кетсек “ОшМУ – периси”сынагы ОшМУнун тарбия департаменти, жаштар комитети тарабынан салтка айланып уюштурулуп келет.

9138 15:28 26-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|