Новости

Искусство факультетинде «Илим жана искусство» жумалыгы өтүп жатат

Ош мамлекеттик университетинде факультет, колледждерде илим жумалыктары жүрүп жатат.

Искусство факультетинде өтүп жаткан «Илим жана искусство» жумалыгы КРдин Эл артисти Жолболду Алибаевдин 70 жылдык мааракесине жана Ыйман, адеп жана маданият жылына арналып, бир топ иш чаралар уюштурулууда. Жумалыктын алкагында 17-апрель күнү факультетте илимий жумалыкка арналган иш чаралардын ачылыш аземи болуп, анда сүрөт чийүү жана эмгек кафедрасынын окутуучусу К.Төрөгелдиева “Кийинүү маданияты жана азыркы учурдагы кийимдердин стили” деген темада семинар уюштурду.

18-апрель күнү “Амандашуу адеби” деген аталыштагы илимий-чыгармачылык лекция болуп өттү.

19-апрель күнү “Искусство багытындагы мугалимдерди даярдоо жана музыка, сүрөт чийүү сабактарын мектепте окутуунун проблемалары” деген аталыштагы илимий семинар болуп, анда окутуучулар, студенттер илимий баяндамаларын коргошту.

21-апрель күнү КРдин Эл артисти Жолболду Алибаевдин 70 жылдык мааракесине арналган сүрөт жана декоративдик колдонмолор, дизайн боюнча студенттердин иштеринин отчеттук көргөзмө- конкурсу уюштурулду. Конкурска университеттин илимий иштери боюнча проректору И.Кенжаев, илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Г.Анарбаевалар катышып, конкурстун жүрүшүнө күбө болушту. Конкурс атайын калыстар тарабынан бааланып, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

“25-апрель күнү музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дрижерлөө кафедрасынын отчеттук концерти, 28-апрель күнү “Эң мыкты аткаруучу-2017” аталышындагы негизги музыкалык аспаптарда ойноо, вокалдык ырдоо, эстрада жанры, хордук дрижерлөө, фольклор, элдик ырдоо боюнча студенттер арасында жыйынтыктоо конкурсу уюштурулат”, -деди Искусство факультетинин илимий иштер боюнча орун басары Айнура Нурбаева.

3894 09:09 24-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|