Новости

Ош шаарында этнопедагог, филолог, жазуучу, журналист жана публицист, белгилүү окмуштуу Абдыкерим Муратовдун 60 жылдык мааракеси белгиленди

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, Россиянын Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти жана «Билим берүүнүн жана илимдин эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамынын, К.Д. Ушинский медалынын ээси, Кыргыз Өкмөтүнүн балдар адабияты боюнча мамлекеттик сыйлыгынын, Улуттук Жазуучулар бирлигинин Тоголок Молдо атындагы сыйлыктарынын лауреаты, жазуучу, публицист-журналист, методист, этнопедагог, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Абдыкерим Муратовдун 60 жылдык мааракесине карата чыгармачылык кечеси 18-апрель күнү Ош шаарындагы кыргыз улуттук драма театрында уюштурулду. Иш-чарага аны сыйлап урматтаган жакын санаалаштары, кесиптештери жана студенттер катышты.

Кечени ОшМУнун ректору, ф.и.д., профессор Каныбек Исаков алып барып, кечеде маараке ээсинин чыгармаларынан сахналаштырылган көрүнүштөр коюлуп, обондуу ырлар жаңырды.

Кеченин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан келген өкүлдөр, Ош мамлекеттик университетинин, Ош гуманитардык-пелдагогикалык институтунун, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жамааты, жакын санаалаштары, илим жаатында өстүрүп келе жаткан шакирттери маараке менен куттуктап, жылуу пикирлерин билдиришти. ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Абдыкерим Муратовду жалпы жамаат университеттин сыймыктуу бүтүрүүчүсү экендегине сыймыктанып келишерин айтып, университеттин жогорку сыйлыгы болгон “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” төш белгиси менен сыйлады.

Мааракелик кечеде жалпы кеченин катышуучуларына Абдыкерим Муратовдун эмгектеринин көргөзмөсү да тартууланды.

Абдыкерим Муратов 1956-жылы Ноокат районундагы Шанкол айлында туулган. 1976-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган соң мектепте мугалим, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда окутуучу, Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда илимий кызматкер, «Эне тили», «Ислам маданияты» газеталарында баш редактор орунбасары, “Замандаш» журналында баш редактор болуп иштеген.

Азыр эл аралык «Zaman Кыргызстан» газетасында баш редактордун кеңешчиси жана И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору. Мектептер үчүн кыргыз адабияты боюнча окуу программаларын, окуу китептерин, сөздүктөрдү, усулдук колдонмолорду жазып келет.

Анын «Ак чыйыр», «Курманбек баатыр», «Ордолуу жыландар», «Рахманкул хан», «Бири кем дүнүйө», «Аталар сөзү — акылдын көзү», «Акыркы адам жапайынын арзуусу», “Сунулган баш... Суурулган кылыч...”, “Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мурза Гапаров”, “Тоос неге куйругун түрлөнтүп ачып, жаба берет” деген аталыштардагы бир нече ангемен, роман, очерктери жарыкка чыккан.

4351 10:36 19-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|