Новости

ОШМУДА КЫРГЫЗСТАНДЫН 37 ЖОЖДОРУНУН РЕКТОРЛОРУ КАТЫШКАН ЖЫЙЫН БОЛДУ

22-январь күнү Ош мамлекеттик университетинде КРнын вице-премьер министири Камила Талиева, билим берүү жана илим министри Канат Садыков, жана Кыргыз улуттук университетинин, Борбордук Азиядагы Америка университетинин, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ректорлору баштаган Кыргызстандын жети дубанындагы отуз жети окуу жайдын жетекчилеринин катышуусунда жогорку билим берүүнүн көйгөйлөрү, билим берүүгө киргизилип жаткан жаңы моделдерди колдонууда кездешип жаткан маселелерге арналган кеңешме өттү. Кеңешмеде жогорку билим берүүнүн көйгөйлөрү талкууга алынып, коррупцянын алдын алуу, коомчулуктун ЖОЖдорго болгон ишенимин арттыруу, алдыңкы окуу жайлардын тажрыйбаларын жайылтуу маселелери боюнча сөз болду. Жыйында сүйлөгөн сөзүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков окуу жайда жүргүзүлүп жаткан бир катар алгылыктуу иштерге токтолуп, коррупцияга каршы күрөшүүдө жаңы моделдер, жаңы структуралар, жаңы механизмдер киргизилгендигин кошумчалады. Ошондой эле паракорлукту азайтууга жаңы ачылган көз карандысыз тестирлөө борбору, автоматташтырылган электрондук башкаруу системасы, абитуриенттерди кабыл алуу үчүн окуу жайдын кызматкерлеринин эмгеги менен түзүлгөн программалык каражаттар бир топ өбөлгө болуп жатканын белгиледи. «Биз коррупциянын себептерин толук жое албасак да, ага каршы күрөшүүнүн механизмдери аркылуу табылган тамырларын кыркып жатабыз жана бул аракеттер натыйжасын көргөзүп жатат», - деди ректор баяндамасын жыйынтыктап жатып.
«Бүгүн ОшМУда 26дан ашык өлкөнүн студенттери окуйт. Сабак берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн студенттерди окутууга IT-технологиянын жаңы, жакшырган механизмдери бар. Окутуу системасын оптималдаштырууга, паракорлукка каршы күрөшүүгө жана ЖОЖдорого болгон коомчулуктун ишенимин арттырууга ОшМУнун бүгүнкү иш аракеттери тажрыйба боло алат. Бул тажрыйбаларды башка окуу жайларга жайылтуунун сунуш кылат элем», — деди вице-премьер министр К.Талиева өз сөзүндө.
Кеңешмеге келген ЖОЖдордун жетекчилери ОшМУнун жаңы ачылган музейи, көз карандысыз тестирлөө борбору, Конфуций институту, пайдубалы түптөлүп, курушу жанданып калган медициналык клиника, жаңы ачылган «Зирек» балдар бакчасы менен таанышып, окуу жайдын ар тараптуу өнүгүп жаткандыгына жогору бааларын беришти.

Фото: Р.Максытовдуку

7686 17:53 23-01-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|