Новости

Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алибаевдин 70 жылдык мааракесинесине арналган кечелер башталды

Маданияттын алдыңкы өкүлдөрүнүн сап башында турган, даңазалуу дастанчы, ырчы, обончу, акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти, ОшМУнун профессору Жолболду Алибаев быйыл 70 жашка толуп, чыгармачылык отчетун бергени турат.

Мааракени утурлай учурда өзү эмгектенип келе жаткан Ош мамлекеттик университетинде юбилейлик бир топ иш чаралар белгиленген. Алардын алгачкысы катары 28-март күнү ОшМУнун искусство факультетинде Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгына арналган жолугушуу кечеси уюштурулду.

Жолугушууга университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, агайдан таалим алган шакирттери, чыгармаларын сүйүп уккан күйөрмандары катышышты.

Жолугушуу кечесинде алгач Жолболду Алибаев агайдын чыгармачылык бейнесине арналган видео-баян көрсөтүлдү. ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору О.Шаимкулов, искусство факультетинин деканы К.Курбанбаев, музыкалык тарбиялоонун усулу жана хорду дирижерлөө кафедрасынын башчысы Б.Иметов, замандаштары Кыргыз Республикасынын эл артисти Ф.Баяков, Ж.Мойдунов, М.Кожомжаров, Ы.Бакиров сыяктуу бир топ чыгармачыл инсандар каалоо тилектерин айтышып агайдын адамдык бейнеси, улуу чыгармачылык ишмердиги тууралуу айтып өтүштү. Ошондой эле чыгармачыл замандаштары, шакирттери тарабынан обондуу ырлары аткарылып, студенттер жана жубайы Бүсайра эже агайдын “Балалык”, “Туулган жерге”, “Эне тилим” аттуу бир нече ырларын көркөм окушту.

Кеченин жүрүшүндө студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп иретинде кеп-кеңештер, сунуштар айтылды.

“Илим ийне менен кудук казгандай деп айтылгандай өнөр дагы ошол сымал. Күнүнө 3-4 саат көңүл буруп, ыр жазып, аспаптарда ойноп, ырчы болушуң үчүн күндө үндү машыктырып туруу керек. Талыкпаган эмгек менен гана ийгиликке жетсе болот. Менин музыка тармагына келгендигим Рыспай Абдыкадыровго байланыштуу. Жаш кезимде мен музыкант болом деп ойлогон эмесмин. Мен акын-жазуучу болом деп жүргөнмүн. Мектепте окуп жүргөн мезгилимде Р.Абдыкадыровдун “Түгөйүмө” деген ырын угуп, ага ашык болуп калганмын. Ошондон тартып музыкага болгон кызыгуум артты”,-деген Жолболду Алибаев кеченин соңунда катышуучуларына “Чагылган”, “Кыздар”, “Казак кызына”, “Билбейм жүрөм” деген сыяктуу угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан бир топ чыгармаларын аккардеондун коштоосунда аткарып берди.

Адамдын жан дүйнөсүн керемет сүйүү сезимдерине жетелеген, сүйүшкөн жаштар үчүн гимнге айланган 290 саптан турган “Чолпонум” аттуу керемет чыгарманын автору Жолболду Алибаев 1947-жылы 24-декабрда Өзгөн районундагы Зергел айыл өкмөтүнө караштуу 1-май айылында жарык дүйнөгө келген.

Жолболду Алибаев дастанчы, термечи катары Барпы Алыкуловдун сөзүнө жазылган «Өзгөчөм», «Мырзайым», өзүнүн сөзүнө жазылган «Чолпонум» ашыктык дастандарын аткарып келет. Ал ыр, санат, дастан, термелерден турган үч жыйнактын автору. Аккордеондун, комуздун коштоосунда «Туулган жерге», «Дилбарай», «Кыздар», «Ѳзбек кызына», «Кош алма», «Чолпонум», «Арман», «Рыспайга кат», Жеңижоктун «Кѳк сулуу», «Балам жок», Барпынын «Мырзайым», «Буракжан», «Жарга жыгылса суу», Корголдун «Сен, сен дүйнѳ», Молдо Нияздын «Даткайым», Нурмолдонун «Ѳмүр», элдик «Акжамал» жана башка. ыр, дастандарды аткарып келет.

Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгына арналган кечелер жыл бою уланат. 21-апрелде искусство факультетинде “Жолболду Алибаев сүрөтчүлөрдүн көзү менен” деген аталыштагы чыгармачылык протретине арналган сүрөт көргөзмө тартууланат, ошондой эле университеттин бардык факультет, колледждеринде чыгармачылык кечелер, тегерек стол, жолугушуулар, концерттер уюштурулат. Жыйынтыгында май айында республикалык деңгээлде мааракелик иш чаранын болуусу да пландаштырылган.

6305 13:27 29-03-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|