Новости

Кореянын Чонбук улуттук университетинен билим алып келүүгө 9 студент жөнөп кетти

Ош мамлекеттик университетинде Кореянын Чонбук улуттук университетине билим алуу үчүн аттанып жаткан студенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу, окуу-маалымат департаментинин директору Р. Арапбаев, эл аралык мамилелер факультетинин директору Э.Камалов, факультеттин окутуучулары, студенттери катышышты.

Жолугушууда ата-энелерге университетте сапаттуу билим берүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер, эл аралык байланыштар боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле чет өлкөгө окууга аттанып жаткан студенттердин билим алуу шарттары, коопсуздук маселелери, университеттин, ата-энелердин, студенттердин жоопкерчилиги тууралуу сөз болду. Жыйынтыгында студенттерге алыскы жерде өлкөбүздүн, университетибиздин атынан барып билим алып жаткандыктан намысты бийик кармап, мыкты билим алып, үлгүлүү, тарбиялуу болуп , ата-энелердин, окутуучулардын жүзүн жерге каратпай жакшы билим алууга чакырышты. Ошондой эле билим алууга болгон сапарлары байсалдуу болуусун каалашты.

Белгилей кетсек, ОшМУ менен Кореянын Чонбук улуттук университетинин ортосунда академиялык мобилдүүлүк багытында түзүлгөн келишимдердин алкагында университеттин эл аралык мамилелер факультетинде билим алып жаткан 9 студент эл аралык мамилелер адистигинин 2-курсунун студенттери Боромбаева Аксана, Нормирзаева Бегойим, Мирлан уулу Элеман, Назарбай уулу Нурадыл, Өлбөсов Айтбай, Исламов Кыялбек, аймак таануу адистигинин 3-курсунун студенттери Сулайманова Сыргайым, Ахмедова Угилой, Акбарали кызы Клара жазгы семестрде билим алып келүү үчүн Корея Республикасынын Чонджу шаарына учуп кетишти.

Учурда ОшМУ 30га жакын чет өлкөлөрдүн 100дөн ашуун университеттери менен академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташып келет.

3918 11:20 01-03-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|