Новости

Баскетбол, волейбол боюнча мелдеште ОшМУнун студенттерден куралган командалары I орунду багындырышты

23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Ош шаардык мэриясынын Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан өткөрүлгөн жогорку жана орто окуу жайлар аралык баскетбол боюнча студенттер аралык турнирде Ош мамлекеттик университетинин студент мырзаларынан куралган команда I орунду, мекеме-ишканалар ортосундагы турнирде окутуучулардан куралган командасы II орунду багындырышты. Ошондой эле волейбол боюнча мелдеште студенттерден куралган команда I орунду ээлешкен.

ОшМУнун намысын коргоп, ийгилик жараткан командалардын курамына жана машыктыруучуларына жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдиребиз.

3901 16:33 27-02-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|