Рубрика "Слово ректора"

ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ИНТЕРНАЦИОНАЛДЫШТЫРУУ - ЭЛ АРАЛЫК ИНТЕГРАЦИЯГА КИРҮҮНҮН ЖОЛУ

Дүйнөдө саясий жана экономикалык “глобалдашуу” жараяны жүрүп жатат. Маалымат-коммуникациялык технологиянын болуп көрбөгөндөй тездик менен өнүгүп өсүшү, континенттер, мамлекеттер, улуттар жана маданияттар аралык чектерди жоюп, эл аралык рыноктун масштабын кеңейтүүдө. Ушул тарыхый учур билим берүү чөйрөсүнө дагы кошумча талаптарды коюп жатат. Андыктан биздин милдет - заман талабын канааттандырган, эл аралык жана маданияттар аралык компетенцияларга ээ болгон жогорку билимдүү, сапаттуу адистерди даярдоо болуп саналат. Ошондуктан, ЖОЖдордо жогорку билим берүү тармагын интернационалдаштыруу стратегиялык багыт катары каралышы зарыл.   Билим берүүнү интернационалдаштыруунун тарыхый этаптары
  Негизинен билим берүүнү интернационалдаштыруу байыркы мезгилден бери эле жүрүп келген. Мисалы, Болон университетинде 900 жыл мурун эле Европанын ар тарабынан келген студенттер үчүн Рим укугу боюнча сабак берилип баштаган. Ал эми учурда, жогорку билим берүүнү интернационалдаштырууну төмөнкүдөй тарыхый этаптарын белгилешет:

 баштапкы мезгил (кайра жаралуу жана орто кылымдар доору);

 экинчи этап (XVIII–ХХ кылымдардын ортосунда, көбүнчө империалисттик өлкөлөрдөн колониялык өлкөлөргө билим берүү системасын экспорттоо аркылуу);

 үчүнчү этап (экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки мезгил, өзгөчөлүгү улуу державалар тарабынан саясий таасирин жайылтуу доктринасынын алкагында билим берүүнү интернационалдаштыруу);

 билим берүүнүн интернационалдыштыруунун заманбап этабы - бул билим берүүнү глобалдаштыруу тенденциясы менен жана өлкөлөр ортосунда билим берүү аймагында эпизоддук эл аралык контакттардан, мазмундуу илимий-педагогикалык биригүүлөргө жана ар тараптуу кызматташууга өтүүсү менен мүнөздөлөт.

Европада билим берүүнү интернационалдаштыруу стратегиялык багыт катары, Европада жалпы рынокту түзүүгө салым кошуу максатында, 1987-ж. “Эразмус” программасынан башталган. Бул программанын негизинде интернационалдаштыруу боюнча жалпы түшүнүк жана аны өнүктүрүү жолдору калыптанган жана ал өз учурунда 1999-ж. Болон декларациясын кабыл алууга алып келип, билим берүүнүн кредиттик системасына ийгиликтүү өтүүгө салым кошкон. Эскерте кетсек, Болон декларациясы төмөнкү эки негизги максатты көздөгөн:

I. Европалык жогорку билим берүү системасынын атаандыштыкка туруктуулугун жогорулатуу.

II. Европа алкагында студенттердин жана адистердин мобилдүүлүгүн арттыруу.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкү милдеттер иштелип чыккан:

• Баарына түшүнүктүү болгон жогорку билим берүүнүн квалификациялык даражалар системасын түзүп чыгуу;

• Эки баскычтуу түзүмгө негизделген жогорку билим берүү системасын түзүү.

Биринчи деңгээл студенттерди эмгек рыногунда өздөрүнүн билимин жана жөндөмдөрүн колдонууга даярдоосу зарыл. Экинчи деңгээл биринчи деңгээлдин ийгиликтүү өздөштүрүлгөндүгүнө негизделүүсү керек;

• Студенттердин, окутуучулардын жана илимпоздордун мобилдүүлүгү;

• Сапатты башкаруунун бирдиктүү аймагында кызматташуу;

• Жогорку билим берүүнүн Европалык стандартын түзүү.

Өлкөбүздө 2012-2013-окуу жылдан баштап, эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялануу максатында “бакалавр” жана “магистр” академиялык даражаларды ыйгаруу менен жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмү орнотулган.

 Билим берүүнү интернационалдаштыруунун аныктамасы жана формалары
  Азыркы мезгилде Болон системасына жана бир нече адистешкен илимпоз авторлордун изилдөөлөрүнө таянуу менен “билим берүүнү интернационалдаштыруу” түшүнүгүнүн түрдүү аныктамасы колдонулууда. Көбүнчө эки карама-каршы ой каралууда.

Биринчиси (негизинен ЖОЖдордо), жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруу деп илимий-изилдөөнүн жана билим берүүнүн кеңири спектрин, эл аралык ишмердүүлүгүн жана академиялык мобилдүүлүк феноменин түшүнүшөт. Ал эми экинчи ойду, билим берүүнү глобалдаштырууну колдогон тараптар белгилешет. Алар жогорку билим берүүнү интернационалдаштырууну билим берүү кызматтары менен эл аралык соодалашуу деп билишет. Жогоркуларды жалпылоо менен практика жүзүндө бири-бирин толуктап, алмаштыра ала турган “интернационалдаштыруу” жана “глобалдаштыруу” терминдерине түшүндүрмө берүү зарыл.

Канадалык окумуштуу Джен Найттын аныктамасы боюнча, Билим берүүнү интернационалдаштыруу деп: “ЖОЖдун бардык студенттери жана кызматкерлери үчүн билим берүүнүн жана илимдин сапатын жогорулатуу, коомго маанилүү салым кошуу үчүн жогорку билим берүүдө эл аралык, маданияттар аралык, же глобалдык ченемдерди максаттуу түрдө ишке ашыруу жараянын айтабыз”.

Аныктаманын негизинде, интернационалдаштыруу өзү максат катары эмес, билим берүүнүн жана илимий-изилдөөнүн сапатын жогорулатуучу, ошондой эле жождордун коомдогу ролун бекемдөөчү каражат катары каралат.

Жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруунун негизги формалары:

 Академиялык мобилдүүлүк;

 Окуу пландарын интернационалдаштыруу;

 Трансулуттук билим берүү;

 Жогорку билим берүү системасын гармонизациялоо (шайкештөө). Мындан сырткары билим берүүнү интернационалдаштыруунун ички жана сырткы эки түрүн белгилеп кетишет. Ички интернационалдаштыруунун («окуу пландарын жана программаларын интернационалдаштыруу») негизги максаты студенттердин маданияттар аралык компетенцияларын өздөрүнүн ЖОЖунда калыптандыруу болуп саналат жана аларга төмөнкүлөр кирет:

 окуу планга эл аралык жана улуттар аралык дисциплиналарды киргизүү;  окуу жараянына чет элдик окумуштууларды тартуу жана окутуучу-илимпоздорду конок лекцияларга чакыруу;

 сабактарга азыркы учурда ЖОЖдо окуп жаткан чет элдик студенттерди чакыруу;

 студенттер жана окутуучулар үчүн «аймак таануу» жана «өлкө таануу» боюнча курстарды киргизүү;

 дисциплиналарды жана билим берүү программаларын эл аралык тилдерде жүргүзүү;

 түрдүү өлкөнүн студенттеринин виртуалдык аудиториясын түзүү.

Ал эми сырткы интернационалдаштырууга төмөнкүлөр:

 ЖОЖдун студенттеринин, окутуучуларынын, илимпоздорунун жана кызматкерлеринин академиялык мобилдүүлүгү;

 Чет элдик ЖОЖдор менен биргеликте илимий-изилдөө долбоорлорун жүргүзүү, биргелешкен/кош дипломдуу билим берүү программаларын ишке ашыруу жана чет өлкөлөрдө ЖОЖдун филиалдарын ачуу кирет.

Билим берүүнүн сырткы интернационалдаштыруусун ийгиликтүү уюштуруу үчүн ЖОЖдо ички интернационалдаштырууну тиешелүү деңгээлге чейин өнүктүрүү абзел.

Ошондуктан көптөгөн ЖОЖдор учурда стратегиялык программаларды түзүүдө билим берүүдө ички интернационалдаштырууну күчөтүүгө басым жасашууда.

 Академиялык мобилдүүлүк
  Кыргыз Республикасынын 2011-2020-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында, Академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү максаттуу индикаторлордун бири катары аныкталган.

Академиялык мобилдүүлүк – бул студенттердин (магистранттардын) же окутуучулардын жана изденүүчүлөрдүн билим алуу үчүн же илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү (анын ичинде окуу жана өндүрүштүк практикаларды өтөө) үчүн аныкталган бир академиялык мезгилге (семестр же окуу жылы) башка жогорку окуу жайына (өлкөнүн ичиндеги же чет өлкөдөгү), өздөштүргөн билим берүү программаларын кредиттер түрүндө өзүнүн ЖОЖунда же башка ЖОЖдо окуусун улантуу үчүн милдеттүү түрдө таануу менен орун которуштуруп окуу болуп саналат.

Академиялык мобилдүүлүк программасында мобилдүүлүк ишке ашып келген ЖОЖдо окуп келген кредиттерди жөнөткөн ЖОЖдо таануу жараяны өзгөчө мааниге ээ. Академиялык таануу (Академическое признание) – бул чет элдик же башка ата мекендик билим берүү мекемеси тарабынан берилген билим берүү программасын толук же бир бөлүгүн окуп бүткөндүгү, тиешелүү экзамендерди тапшыргандыгы, академиялык даража ыйгарылгандыгы ж. б. жөнүндөгү документти билим берүү мекемеси тарабынан документтин ээси документти тааныган окуу жайда окуусун аяктоого же кийинки баскычка улантууга мүмкүндүк бере турган таануу болуп саналат.

Академиялык мобилдүүлүктүн төмөнкүдөй түрлөрү бар: индивидуалдык, тайпалык (коллективдик), ички (өлкөнүнү ичинде), сырткы (эл аралык), кирүүчү (эл аралык), кыска мөөнөттүк, узак мөөнөттүк, горизонталдык (кабыл алуучу ЖОЖдо чектелген мезгил: семестр же окуу жылы ичи окуп келүү), вертикалдык (кабыл алуучу ЖОЖдо даража алуу үчүн толук окуп келүү), тескери (чет өлкөлүк жарандардын билим алуу жана илим-изилдөө максатында өз өлкөсүнө которулуусу) жана түз (студенттердин, окутуучулардын жана изденүүчүлөрдүн өз өлкөсүнөн чет өлкөгө карай которулуусу) академиялык мобилдүүлүктөрү.

Жогоруда айтылып өткөндөй Академиялык мобилдүүлүктүн билим берүүнү интернационалдаштыруудагы орду өтө чоң. Мисалы, атайын изилдөөлөргө таянсак, эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасына багытталган Европалык илимпоздор, жергилүктүү академиялык коом менен иштеген кесиптештерине караганда эки эсе көп публикацияларды жасашкан.

 ОшМУ билим берүүнү интернационалдаштырып жатат
  Бүгүнкү күндө билим берүү системасы өлкөбүздүн башка тармактары сыяктуу өткөөл мезгилди, жаңыланууну, өнүгүүнү жана калыптанууну башынан кечирүүдө. Ушул тарыхый калыптанууга ОшМУ дагы омоктуу салым кошуп келе жатканы талашсыз.

Университетибиз бай тарыхынын башталышынан бери билим берүүнү интернационалдаштыруу багытында олуттуу аракеттери менен мактана алат. Өзгөчө акыркы беш жылдыкта университетте эл аралык байланыштын вектору Батыш менен Чыгышка, Түндүк менен Түштүккө карай кеңейип, көптөгөн эл аралык иш-чаралар өткөрүлүп, ири суммадагы инвестициялар тартылды.

Ош мамлекеттик университети соңку жылдары окуу-материалдык, илимий-өндүрүштүк, адистик базасын чыңдап, эл аралык байланыштары кулач жайып, улуттук жогорку окуу жайлардын ичинен алдыга суурулуп чыгып, мезгил менен тең жарышкан динамикалуу өнүгүү жолуна түшкөн окуу жайга айланды. ОшМУ – бүгүн эл аралык билим берүүдөгү эң алдыңкы тажрыйбаларды, инновацияларды өздөштүрүп, билим берүү технологияларын өнүктүрүп жатат. Азыр университетте 76 багыт боюнча 28 000ден ашуун студенттер окушат. Бүгүн ОшМУда 27 мамлекеттен келген 2 200дөн ашуун чет өлкөлүк студенттер билим алышат. ОшМУ – билим берүү экспортун жасап жаткан ийгиликтүү университеттердин бири.

Университетибиздин миссиясында белгиленгендей, ОшМУда билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу уланууда. Буга далил университетибизде билим берүүнү интернационалдаштыруунун ички жана сырткы формалары боюнча аткарылып жаткан төмөнкү иш чараларды атасак болот:

• окуу жараянына чет элдик белгилүү окумуштууларды жана окутуучуларды конок лекцияларга чакыруу практикаланууда;

• университетибизде “билим берүүнү экспорттоо” алкагында окуп жаткан чет элдик студенттердин жетиштүүлүгү;

• дисциплиналарды жана билим берүү программаларын эл аралык тилдерде жүргүзүү, б.а. көп тилдүү билим берүү тармагынын калыптанып баратышы; • студенттердин, окутуучулардын, окумуштуулардын жана кызматкерлердин Академиялык мобилдүүлүгүнүн өнүгүп жатышы;

• чет элдик ЖОЖдор менен биргеликте илимий-изилдөө долбоорлорун жүргүзүүгө өтүп жатабыз;

• биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу астейдил жүргүзүлүүдө ж.б.

ОшМУда 2 200дөн ашуун чет элден келген студенттер билим алууда. Биз айрым багыттар боюнча англис тилинде окуткан, эл аралык жана мамлекеттик стандартка шайкеш келген билим берүү системасын түзгөнгө жетиштик. Эми аларга тийиштүү шартта билим берүү үчүн 4 кабаттуу эл аралык медицина факультетин жана анын жанына дарылоо факультетин куруп бүтүп, пайдаланууга бердик. Ал эми Кытай Эл Республикасы менен биргеликте үч жыл мурда ачылган Конфуций институтунда билим алууну каалагандардын саны жылдан жылга өсүүдө, кытай тараптан “Үлгүлүү Конфуций институту” деген статуска ээ болдук. Ошондуктан Кыргыз-кытай факультетине чоң заманбап окуу имаратын куруу боюнча кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, 800 000 доллар грант бөлүндү. Нооруз майрамына карата бул факультеттин жаңы окуу имаратынын жана чет өлкөлүк окутуучулар жана магистранттар үчүн мейманкана тибиндеги жатакананын ачылуу аземи болот.

Дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттер менен биргелешкен факультеттерди ачуу аракеттерибиз жакшы натыйжаларды берди. Туркия менен теология факультетин, Портленд университети менен бизнес жана менеджмент факультетин, Батыш жана Чыгыштын өнүккөн университеттери менен биргелешип жаңы окутуу моделдерин улуттук кыртышта жараттык. Мисалы, Түркиянын мисалында Ыйман лицейин түздүк. Жакынкы арада Түркия менен биргелешип 200 орундуу жатакана, 400 орундуу окуу имаратын куруунун алдында турабыз. Евросоюздун долбоорлоруна, ЮСАИДдин долбоорлоруна ишенимдүү кирип 3 млн долларга жакын инвестицияларды тарттык.

Жогоруда айтып өткөндөй, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте ири долбоорлорду биргелешип аткарып жатабыз. Бүгүн эл аралык коомчулук биздин чечкиндүү кадамдарыбызга ишенди, инвестициялык колун сунду. Инвестиция тартуунун заманбап жолдорун таба алдык. Биргелешкен долбоорлор аркылуу акчалай түрүндө эмес, технологиялар түрүндө, эмеректер түрүндө, түрдүү кызмат көрсөтүүлөр түрүндө инвестиция алуунун көзүн таптык.

Бир жылдан бери университетте өнүгүүнүн 10+10+10+10=САПАТ моделинин негизинде иш алып баруудабыз. Бизде чет элдик студенттердин катышы сөзсүз түрдө 10 пайыздан кем болбошу керек (азыркы учурда 14,4 % түзөт). Жалпы студенттерибиздин 10 пайызы башка алдыңкы өлкөлөрдөгү өнөктөш университеттерден академиялык алмашуу программалары менен барып окуп келиши керек (азыр бул көрсөткүч бизде 4 % жакын). Окутуучулук-профессордук жамааттын 10 пайызы чет элдик окуу жайлардан чакыртылып алынган алдыңкы адистер, профессорлор болууга тийиш. Ошол эле учурда өзүбүздүн окутуучуларыбыздын 10 пайызы башка алдыңкы өлкөлөрдөгү өнүккөн окуу жайларга барып, кесиптик билим деңгээлин көтөрүп, тажрыйба топтоп келиши абзел.

Ушул моделдин негизинде студенттерибиз менен студенттерибиз алмашып, окутуучулар менен окутуучулар алмашып дүйнөлүк билим берүүгө камыр-жумур аралашат. Мындайча айтканда, билим оошот, акыл жугушат, биз ушул процесс менен өнүгүүнү жолго коёбуз. Башкалардын жакшысы болсо алабыз, өзүбүздүн позитивди башкаларга көрсөтөбүз, кемчилигибиз болсо арылабыз. Бул дегендик алдыңкы технология, тажрыйба, үйрөнүү жана үйрөтүү дегендин айкалышуусун түшүндүрөт. Ошондо бир ажайып билим берүүнүн сапаты келип чыгат. Университетке жаңы дем, жаңы ой, жаңы мазмун, жаңы дух берип, жаңы демилгелерди жана саамалыктарды жаратып, жаңы деңгээлге көтөрүлөбүз.

Көп тилдүү билим берүү - студенттердин жана окутуучулардын мамлекеттик тилди, расмий тилди жана кайсы бир эл аралык тилди үйрөнүүсүнө кеңири жол ачтык. Көп тилдүү билим берүүнү турмушка ашырбай туруп, академиялык мобилдүүлүктү (студенттердин жана окутуучулардын сырткы алмашуу программасын) тереңдете албайбыз. Учурда, академиялык мобилдүүлүк программалары Европа өлкөлөрү менен “Эразмус+”, Туркия менен Мевлана, Кытай, Россия, Казакстан өлкөлөрү менен ШКУ университеттери, ата-мекендик ЖОЖдор менен “Ош декларациясы” программаларынын негизинде жана ЖОЖдор аралык эки тараптуу келишимдердин алкагында ишке ашырылууда. Акыркы 3 жылда 400дөн ашуун окутуучуларыбыз, 1 200дөн ашуун студенттерибиз алыскы чет өлкөлөрдөн кыска жана узак мөөнөттүү стажировкалардан өтүп келишти. “Акыл оошот, билим жугушат”-деген сөз бар кыргызда, башкалардын тажрыйбасын үйрөнүп, кыргыз топурагында өстүрүп, ырыстуу билим берүүнү калыптандырышыбыз керек.

“Ош декларациясы” жөнүндө токтоло кетсек. Республиканын ичинде ички мобилдүүлүктү, өз ара байланышты жана тажрыйба алмашууну калыптандыруу үчүн Кыргызстандын бардык региондорундагы университеттер “Ош декларациясына” кол коюшкан. Ошонун натыйжасында, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад университеттеринен 50дөн ашуун улан-кыздар Ош мамлекеттик университетине келип, академиялык мобилдүүлүктөн өтүп кетишти, кайра эле 40тан ашуун студенттер келишти. Келген студенттердин маанайлары өтө жакшы. Биз бул алмашууну күчөтөбүз. Кыргызстандын биримдигин өнүктүрөбүз. Биздин да студенттер бүгүн Ысык-Көлдө, Таласта, Бишкекте мобилдүүлүктө жүрүшөт.

Жогоруда аткарылып жаткан иш-чараларды жалпылап, мындан ары өнүктүрүү максатында 2017-жылдын 30-январь күнү “ОшМУда билим берүүнү интернационалдаштыруу жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча 2022-жылга чейинки стратегиясын” жана “Академиялык мобилдүүлүк жөнүндө Жобону” иштеп чыгып, кабыл алдык.

Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСке, ШКУга мүчө экендигин, Кыргызстандын аймактарынын географиялык жайгашуусунун уникалдуулугун, тарыхый жана табыгий байлыктарын эске алуу менен мындан ары билим берүүнү интернационалдаштырууну уланта беребиз. Билим берүүнү интернационалдаштыруу – бул заман талабына ылайык өзгөрүүлөргө даярдоочу жана чакыруучу концепция болуп саналат. Андыктан бул процесс аркылуу төмөнкү натыйжаларга жетебиз:

• Университеттин студенттеринин жалпы контингентинен 20% мобилдүү болот. • Академиялык мобилдүүлүктүн университеттик деңгээлде нормативдик, методологиялык, илимий-методикалык калыптанган базасы түзүлөт.

• Университет бирдиктүү эл аралык билим берүү жана илим-изилдөө аймагына интеграцияланат.

• Студенттерди, профессордук окутуучулук курамды жана кызматкерлерди эл аралык тилде сапаттуу даярдоо – бул эл аралык кызматташуу программаларына катышуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

• Университеттин мобилдүүлүктү баалоочу ички системасы калыптанат.

• Академиялык мобилдүүлүк программаларын маалыматтык камсыздоонун өнүккөн системасы жаралат.

• Университеттин билим берүү кызматын импорт-экспортоого багытталган жаңы модели пайда болот.

Исаков К.А. ОшМУнун ректору, ф.и.д.,профессор,

  Арапбаев Р.Н. ф-м.и.к., доцент
 

4888 14:50 09-02-2017

                 

Рубрика "Слово ректора"

|< 1 2 3 >|