Рубрика "Слово ректора"

ОшМУ жаңы билим берүү мейкиндиктерин багындырууда

• ОшМУ эл аралык рейтингдерге катышат
 

Университеттик билим берүүнүн сапатын аныктоочу дүйнөдө бир топ коомдук уюмдар рейтингдерди аныктап турушат. Алардын талаптары ар түрдүү. Көпчүлүгү өздөрүнүн артыкчылыктарын көрсөтүү үчүн критерийлерди түзүүдө өздөрүнө ыңгайлаштырышат. Кандай болгондо да рейтингди чыгаруу университеттин өркүндөөсүнө, иштин позитивдүү өзгөрүүсүнө чоң мотив берет. Ошондуктан ОшМУ регионалдык же Борбор Азиялык, Евразиялык, Азиялык, Европалык рейтингди аныктоочу агентстволор менен кызматташып, өз ишибизди алардын таразасына коёлу деп ниеттенип жатабыз. Балким алгачкы жылдары арткы же ортоңку позицияларды ээлейттирбиз, бара-бара тажрыйба топтоп, алдыңкы позицияга умтулабыз. Азыр ойлонуп, чочулап олтурууга убакыт жок. Ийкемдүүлүк менен жаңы заманбап шарттарды өздөштүрүп жатабыз. Кыргызстандагы zanoza.kg интернет сайты өткөргөн добуш берүү рейтингинде ОшМУ 1-орунду ээледи.

• Билим берүүдө “Булуттук” технологияны пайдаланып жатабыз
 

Биз толук түрдө окуу процессин автоматтык башкарууга өткөргөнбүз. Башкача айтканда, электрондук башкаруу бүгүн бизге заманбап, оперативдүү жана мобилдүү жыйынтыктарды берип жатат. Бул өтө оор жана татаал иш болду. Бирок муну биз чечип, ОшМУну коомчулукка ачык университет катарында көрсөтө алдык.

Коррупцияны демонтаждоо үчүн бул система бизди ачыктыкка, тазалыкка, айкындуулукка алып баратат.

Университетте чоң Datacenterди түзүп жатабыз. Бардык маалыматтар “Булуттук” технология аркылуу ишке ашат, өнүгөт жана сакталат. “Булуттук” технологияны билим берүү процессинде пайдалануу билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө чоң импульс берет, чукул өнүгүүгө жол ачат.

• Эл аралык аккредитация - сапаттын көрсөткүчү
 

Жогорку билим берүүнүн сапатын, деңгээлин, мазмунун жана формасын дүйнөлүк стандарттарга теңөө үчүн эл аралык аккредитациянын критерийлерине ылайык ишибиздин багытын өнүктүрүп, тынымсыз изденүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бул багытта биздин тажрыйбабыз жетиштүү. 2012-жылы “Экономика” адистигин, 2015-жылы атайын билим берүү боюнча “Мээрман эже” адистигин көз карандысыз аккредитациядан өткөргөнбүз. EdNet жана GIZ көз карандысыз агентсволору менен кызматташтыкта бүгүнкү күндө ар бир окутуучуга, студентке аккредитациянын талаптарына ылайык тренинг, семинарларды өткөрүп жатабыз жана эксперттерди даярдоодобуз. 20дан ашык адистиктер эл аралык аккредитациянын талаптарына ылайык бардык параметрлер боюнча даяр болуп калды. Бул багытта ишибизди тереңдетип, сапатты көтөрүүгө жан үрөп аракеттенип жатабыз.

• Билим инфраструктурасын түзүп жатабыз
 

Билим берүүнүн сапатын көтөрүү жаңы мейкиндиктерди, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүнү талап кылат. Биз 30дан ашуун окуу корпустарды жана жатаканаларды модернизацияладык. Окуу аудиторияларды, лекциялык залдарды, лабораторияларды, китепканалар, окуу имараттарды жана жатаканаларды, спорт комплекстерин заманбап эстетикалык обликке алып келдик.

Кыргыз – Кытай факультетинин окуу корпусун жана жатаканасын, стоматологиялык клиниканын жана медициналык клиниканын, эл аралык медицина факультетинин, медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпусунун, финансы-юридикалык колледжинин окуу имараттарын, Өзгөн медициналык колледжинин окуу имаратын өз күчүбүз менен жаңыдан курдук жана чоң инвестициялык долбоорлорду ишке ашырдык.

Жаңы архитектуралык, эстетикалык жаратуулар болбой туруп, жаңыча көз карашты пайда кылуу мүмкүн эмес. Башкача айтканда акыркы 3 жылда 10 жаңы окуу имаратын курдук.

• Кампустук карта коопсуздукту камсыз кылат
 

Регионалдык абалды эске алып, университеттин окуу имараттарында жана жатаканаларында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн турникеттерди коюп, университетке кирип-чыгып жаткан адамдарды көзөмөлдөөгө аракеттер башталды. Бул багытта да чоң инвестиция тарттык. Бул университеттеги ички кыймылды комплекстүү көзөмөлдөөгө шарт түзөт.

• Билим берүү интернационалдаштырылууда
 

Көп тилдүү билим берүү - студенттердин жана окутуучулардын мамлекеттик тилди, расмий тилди жана кайсы бир эл аралык тилди үйрөнүүсүнө кеңири жол ачтык.

Көп тилдүү билим берүүнү турмушка ашырбай туруп, академиялык мобилдүүлүктү (студенттердин жана окутуучулардын сырткы алмашуу программасын) тереңдете албайбыз. Акыркы 3 жылда 300дөн ашуун окутуучуларыбыз, 1 000ден ашуун студенттерибиз алыскы чет өлкөлөрдөн кыска жана узак мөөнөттүү стажировкалардан өтүп келишти. “Акыл оошот, билим жугушат”-деген сөз бар кыргызда, башкалардын тажрыйбасын үйрөнүп, кыргыз топурагында өстүрүп, ырыстуу билим берүүнү калыптандырышыбыз керек.

• Билим берүүнү экспорттоо - өнүгүүнүн жолу
 

Эгерде биздин билимге чет өлкөлүктөр муктаж болуп жатса, эмне үчүн биз аны пайдаланып, аларга шарт түзүп, бүгүнкүдөй кырдаалда университетти, эли-жерибизди өнүктүрүүгө тартсак болбойт.

Бүгүн бизде 2 000ге жакын алыскы чет өлкөлөрдөн студенттер келип окушат. Ар бир студенттин келиши - өлкөбүз үчүн чоң инвестиция. Алар авиажолдор аркылуу келишет, күн сайын ички транспортторду пайдаланышат, 3-4 маал тамактанышат, батирлерде же жатаканаларда жашашат, интернет кызматтарынан, мобилдик байланыштардан пайдаланышат, эл аралык байланышка чыгышат, кийинишет, окуу акысын төлөшөт, ушунун баары биздин элибизге каражат катары келип түшөт. Ошондуктан алардын талаптарына ылайык мамлекеттик стандарттарды сактап, эл аралык деңгээлде билим берүү негиздерин жасап жатабыз.

• Өзбекстан менен достукка данакер болдук
 

Октябрь айынын аягында Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин орун басары А.Икрамов башында турган 200дөн ашуун делегация ОшМУда болушту. Университеттин инфраструктурасы, билим берүүсү жана маданияты менен таанышышты. Бул жолугушууда ОшМУ Өзбекстандын Андижан, Фергана, Наманган, Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен б.а. Фергана өрөөнүнүн да “эң мыкты” университет экендигин далилдеди.

Андижан университети менен ОшМУ өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге кол койду. Өзбекстан Республикасынын вице-премьер-министри өз сөзүндө: “ОшМУдан билим экспортун, билим берүү инфраструктурасын, электрондук башкарууну, билим берүүнү интернационалдаштырууну үйрөнүшүбүз керек”,- деп белгиледи.

• “Ош декларациясы” ишке ашып жатат
 

Республиканын ичинде ички мобилдүүлүктү, өз ара байланышты жана тажрыйба алмашууну калыптандыруу үчүн Кыргызстандын бардык региондорундагы университеттер “Ош декларациясына” кол коюшкан. Ошонун натыйжасында Талас, Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад университеттеринен 50дөн ашуун улан-кыздар Ош мамлекеттик университетине келип, академиялык мобилдүүлүктө жүрүшөт.

Келген студенттердин маанайлары өтө жакшы. Биз бул алмашууну күчөтөбүз. Кыргызстандын биримдигин өнүктүрөбүз.

• Айлык акыларды көтөрүп жатабыз
 

Жыл сайын ички мүмкүнчүлүктөрдү сарамжалдуу пайдалануунун негизинде окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессорлорубузга жана көмөкчү кызматкерлерибизге, чарба кызматкерлерибизге айлык акыларды ырааттуу түрдө жогорулатып келе жатабыз. Быйылкы жылы дагы айлык акыларды жогорулатууну чечтик. Айлык акылардын көлөмү жагынан Кыргызстандагы Ата Мекендик окуу жайлардын эң алдыңкы сабындабыз десек болот.

Окутуучу-кызматкерлердин ишке карата стимулун арттыруу үчүн:

Доктордук диссертациялык ишин коргогондорго 60 000, кандидаттык диссертациялык ишин коргогондорго 30 000 сомдон сыйлыктарды беребиз. 50,60,70,80 жылдык маареке ээлерине сыйлыктар берилет. Зыяндуулугу үчүн 200дөн ашуун окутуучу-кызматкерлерге кошумча төлөм төлөнөт. Эл аралык илимий публикацияларга сыйлыктар берилет. Илимий сапарлар, илимий практикалар каржыланат. Жакындары кайтыш болгондорго, оорулууларга, үй-бүлөлүк көйгөйгө учурагандарга жардамдар көрсөтүлөт. Чыгармачыл кечесин өткөргөндөргө да сыйлык берилүүдө.

Мындан башка да материалдык түрдүү мотивдер бар.

“Ардагерлерибиз - университетибиздин куту, орто муун - окуу жайыбыздын жүзү, жаштарыбыз - университетибиздин келечеги” деген принципти кеңири жайылтып, муундар ортосундагы байланышты чыңдап келебиз. Ар бир адамдын мүмкүнчүлүгүнө жараша көңүл бөлүнөт.

• Арзан турак жай программасынан пайдаланып жатабыз
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай” программасынын негизинде 30га жакын окутуучу-кызматкерлерибиз квартиралар менен камсыз болушту. Ошондой эле 23 окутуучу-кызматкерлерибиз Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан курулган үйлөрдү жеңилдетилген ипотекалык негизде алышып, үйлөрүнө киришти.

Эмне үчүн биздин окутуучу-кызматкерлер үйлөр менен камсыз болууда? Анткени университеттеги айлык акынын туруктуулугу, көлөмү буга кепил болуп жатат.

Жакынкы күндөрү 100гө жакын агай-эжейлерибиз ипотекалык үйлөргө кезекке туруп, документтерин даярдап жатабыз.

• Студенттер үчүн социалдык пакетибиз бар
 

400дөн ашуун социалдык колдоого муктаж студенттерге (ата-энеси жок, майып, көп балалуу үй-бүлөлөргө, Ош окуясында, Ооганстанда, Баткен окуясында жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары) 3 000 000 сомдон ашуун суммада келишимдик акыларына колдоолор көрсөтүлөт.

Университеттин социалдык пакети дайыма түрдүү материалдык жана моралдык колдоолор менен ишке ашып келет.

2 студентибиз физика-техника факультетинен Дастан Алымырзаев жана Медицина факультетинен Дуйшоева Гулнура окуудагы эң мыкты жетишкендиктери, илимий багыттагы ишмердүүлүгү, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин «Үмүт» стипендиясын алышты.

5 студентибиз айына 100 доллар өлчөмүндө атуулдук стипендия алышат (5 жылдан бери 25 студент бул стипендияны алышты. Бул стипендияны университеттеги бир профессорубуз өзүнүн жеке фондунан берет). 18 студент ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин стипендиясын 3 000 сом өлчөмүндө алышат.

Олимпиаданын, эл аралык фестивалдардын, эл аралык спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө да атайын белгиленген акчалай сыйлыктар берилет.

ОшМУда студенттер өз мүмкүнчүлүктөрүн реализациялоосуна, илим, техника, билим, маданият, спорт багытында кеңири шарттар түзүлгөн.

• Студенттер - университеттин көрсөткүчү
 

“Enactus” командабыз акыркы 2 жылда Кыргызстандын улуттук чемпиону болушту. Вашингтондо, Пекинде, Торонтодо өткөн мелдештерде катышып, ийгиликтерди жаратышты.

Кытай тили бөлүмүндө окуган студенттерибиз Шанхайда оратордук искусство боюнча ийгиликке жетишти.

Медицина факультетинин студенттери анатомия боюнча өткөрүлгөн республикалык олимпиадада 1-орунду багындырышты.

Студент кызыбыз Эргешова Айчүрөк Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күмүш медал тагынды. Таланттуу студенттерибиз эл аралык жана республикалык конкурстарда ийгиликтерге жетишүүдө.

• Университеттик илим өнүгүүдө
 

“ОшМУ жарчысы” илимий журналыбыз РИНЦКе катталган.

ОшМУда бүгүн 5 диссертациялык кеңеш, 6 багыт боюнча республикалык илимий долбоорлор, ERASMUS+ программасы боюнча 4 илимий долбоор о.э. ар түрдүү эл аралык уюмдар менен биргелешкен илимий долбоорлор турмушка ашып жатат.

Учурда 60тан ашуун илимдин доктору, профессорлор, 2 Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденттери, 20дан ашуун билим берүүгө, илимге, маданиятка “Эмгек сиңирген ишмерлер”, 400дөн ашуун илимдин кандидаттары, доценттер, 20дан ашуун PhD докторлор, 450гө жакын улук окутуучулар, 500 окутуучу эмгектенишет. Аспирантура, магистратура жана PhD докторантура бөлүмдөрү иш алып барат. Илимдин бардык тармактары боюнча илимий конференциялар ырааттуу түрдө өткөрүлөт.

• Виртуалдык жана санариптик лабораториялар түзүлүүдө
 

Жакында симуляциялык медициналык борбор ачылууда, ага Швейцария элчилиги 35 000 доллар өлчөмүндө заманбап каражаттарды алып берди. Бул студенттер үчүн практикалык навыктарды алууга кеңири шарт түзөт. Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен ОшМУнун медициналык клиникасына гемодиализ аппаратын алып жатабыз. Ар бир факультетке 3D форматында окуу практикалык кино залдары ачылууда. Так жана табигый илимдер боюнча санариптик лабораториялар түзүлүүдө.

Телемедицинаны өркүндөтөбүз. Интернет телевидение ачтык. Онлайн видео-конференцияларды, видео-сабактарды өткөрүүнү практикалап жатабыз. Чет өлкөлүк профессорлордун конок лекцияларын уюштуруп жатабыз.

• Эл аралык байланыштар – дүйнөгө чыгуунун жолу
 

Бүгүн дүйнөнүн 124 университети менен, 28 мамлекети менен, 27 эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта иштеп жатабыз. Мунун натыйжасында акыркы 3 жылда 3 000 000 доллардан ашуун инвестициялык каражаттарды тарта алдык. Студенттерибиз жана окутуучуларыбыз өнүккөн университеттерден тажрыйба топтоп келишүүдө. Дүйнөлүк билимге интеграциялануу үчүн инновациялык каражаттарды, табылгаларды пайдаланып, инвестицияларды тартып жатабыз.

• Тарых жана маданият жылы дем күч берди
 

Ушул жылы улуттук тарыхыбызды жана улуттук маданияттыбызды комплекстүү өнүктүрүү багытында пландарды иштеп чыктык.

Кыскача айтканда, поэзия жана адабий кечелерди, драмалык театрды жаңы деңгээлде уюштурдук; Ооган кыргыздарына 500 000сом өлчөмүндө каражат жеткирдик; 12 сүрөтчүбүздүн Бишкекте көргөзмөлөрүн уюштурдук; “Бир оор жолдун үч ашуусу” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдүк; Ачык асман алдында китепкана ачтык, китеп кербенин уюштурдук; “ОшМУ - боёктордо” аттуу сүрөт сынагын өткөрдүк; Ысык-көл, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Баткен областарынан студенттер «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аттуу республикалык достук фестивалын өткөрдүк; 150дөй студенттерибиз Сулайман-Тоо – Жалал-Абад – Манас ордо (Талас) – Ата-Бейит (Бишкек) – Рух ордо (Ысык-Көл) багыты боюнча “Ынтымак кербенине” чыгышты; “Борбордук АЗИЯ: БИЛИМ, МУУН жана САЛТ” деп аталган Кыргызстан этнологдору жана антропологдорунун III конгресси өттү; Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ОшМУнун студенттери жана мугалимдери активдүү катышышты; “Мекендештер” форумуна 360 мекендешибиз чет өлкөлөрдөн келишти; Эл аралык интеллектуалдардын «Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу: Биримдик жана Жаратмандык» аттуу форуму, “Академиялык кечелер”; “Жүрөгүмдө - Кыргызстан!” аттуу патриоттук иш-чарасы болуп өттү; “Бүгүнкү мектеп: жетишкендиктер, инновациялар жана көйгөйлөр” аталышындагы конференция уюштурулду; “Сүрөттө сакталган кыргыз тарыхы” аттуу архивдик изилдөөлөр камтылган сүрөт көргөзмөсү. “Этникалык салттардын кайра жаралуусу” аттуу илимий конференция; СССРдин Эл артисти Людмила Чурсина менен баарлашуу кечеси өттү; Жыл ичинде Кыргыз АССРынын 90 жылдыгына, Кыргыз ССРинин 80 жылдыгына жана Эгемен Кыргыз Республикасынын 25 жылдыгына, Кыргыз элинин 1916-жылдагы элдик-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына, Түрк элинин залкар ойчулу, акыны жана мамлекеттик ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына, Молдо Кылычтын 150 жылдык мааракесине карата эл аралык илимий -практикалык конференциялар, тегерек столдор, семинарлар уюштурулду ж.б. Өтүп бараткан жылда биз жаңы билим берүү мейкиндиктерин багындырдык.

Каныбек ИСАКОВ,

ОшМУнун ректору, профессор

10321 09:58 19-12-2016

                 

Рубрика "Слово ректора"

|< 1 2 3 4 >|