Новости

ОшМУнун “Зирек” мектепке чейинки билим берүү түзүмүндө бөбөктөр майрамдык кече тартуулашты

Ош мамлекеттик университетинин “Зирек” мектепке чейинки билим берүү борборунда алты айлык отчету жана көктөм майрамына арналган салтанттуу иш-чарасы болду.

Майрамдык кечеге ОшМУнун окутуучулары, ата-энелери, бөбөктөр катышышты. Салтанаттын биринчи бөлүгүндө бөбөк, кенже жана жогорку тайпадагы балдардын концерттик программасы менен башталды. Бөбөктөр “Манас” эпосунан үзүндү айтышып, нооруз, көктөм, жаз, ата-эне, мекен жөнүндө ырларын ырдашып, кыргыздын улуттук бийлерин бийлешип ата-энелердин, келген коноктордун маанайларын көтөрүштү.

Ал эми экинчи бөлүгү эшикте уланып анда балдар кыргыздын улуттук оюндары болгон аркан тартышып, чүкө ойношуп, селкинчек тээп, ыр ырдашты. Ал эми балдар бакчасынын кызматкерлери, ата-энелери нооруздун улуу тамагы болгон сүмөлөк кайнатып, аны аралаштырып жатып “бөбөктөрүбүз ден соолугу чың, өмүрү узун, акылдуу, ыймандуу, билимдүү жаштардан болсун” деген аруу каалоолорун айтышты. ОшМУнун “Зирек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору, педагогика илимдеринин кандидаты Токтайым Умурбекова: “Бакчабызда бүгүнкү күндө 3 тайпа ачылып, анда бөбөктөрдү тарбиялоонун дүйнөлүк алдыңкы усулдарын колдонууга умтулуп жатабыз. Балдарга кыргыз, орус, англис тилдеринде билим берүү менен кыргыздын улуттук нарк-насилинде тарбиялап, атайын кошумча музыка, спорт, сүрөт тартуу сыяктуу балдардын жөндөмдөрүн арттырууга тарбиячыларыбыз аракеттенүүдө. Бүгүнкү иш-чарабыздын негизги максаты балдарга нооруз майрамы, улуттук оюндарыбыз, сүмөлөк тууралуу кеңири маалымат берүү, ошондой эле алты ай ичинде балдарда калыптанган жөндөм-шыктарын тартуулоо, ата-энелер менен тыгыз кызматташууну ишке ашыруу болуп саналат” – деди.

Белгилей кетсек, “Зирек” мектепке чейинки билим берүү түзүмүндө бөбөктөрдүн уктоосу, тамактануусу жана билим алуусу үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 3 тайпада 60 тан ашуун бала тарбияланып жатат жана 1,5 жаштан 7 жашка чейинки балдарды кабыл алуу ишке ашууда. Бала бакча Ош шаарынын Түштүк-чыгыш кичи шаарчасында жайгашкан.

Фото: Р.Максытовдуку

14163 12:01 28-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|