Новости

ОшМУнун демилгелүү студенттери ыйык Сулайман тоого бак отургузушту

Ош мамлекеттик университетинин nабият таануу жана география факультетинин Гк-1-12 мыкты тайпасынын студенттери жана мыкты куратору, экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын ага окутуучусу Самиев Калыбектин демилгеси менен Сулайман тоонун этегине 26-март күнү жергебизге жаздын келишин утурлап дарак көчөттөрү отургузулду.

“Бүгүн биздин тайпа ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин базасындагы ботаникалык бактан ыйык Сулайман тоого кийиз дарагынан 15 түп, ясень дарагынан 10 түп жана ак чечек дарагынан 15 түп дарак көчөттөрүн отургуздук. Мындай иш-чарабыздын негизги максаты Ош шаарында жүрүп жаткан көрктөндүрүү ишине өз салымыбызды кошуу, Сулайман тообузду жашылдандыруу, таза экологияны сактоо. Жаштарды эмгекчилдикке тарбиялоо, биримдикке, ынтымакка чакыруу болуп саналат”,- дейт тайпанын куратору К. Самиев.

Белгилей кетсек, аталган тайпа буга чейин бир топ социалдык, коомдук иш чараларда өз активдүүлүгүн көрсөтүп келет.

5911 16:33 26-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|