Устаттарым жөнүндө эскермелер

Илимде ийгиликке жеткен аалым (же физика-математика илимдеринин доктору, профессор Байыш Араповдун бейнесине сүртүмдөр)

Илимде үзүрлүү эмгектенип, анын түгөнбөгөн түйшүгүн тартып, өмүрүн илимдин өнүгүшүнө арнаган жана ошол илимий чыйырда, өзүнүн илимий мектебин түзгөндөр өтө аз учурайт.

Мээнеткечтикти, өжөрдүктү, изденүүнү талап кылган илим ишинде ийгиликке жеткен илимпоздордун ардактуу сабына физика-математика илимдеринин доктору, “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер”, “Россия табият таануу академиясынын билимине жана илимине эмгек сиңирген ишмер”, профессор Арапов Байыш Араповичти сыймык менен кошобуз.

Байыш Араповичтин балалыгы өрүкзарлуу Баткендин Самаркандек айылында өткөн. 1964-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун артыкчылык диплому менен аяктаган. Агайдын студенттик курагы жана андан кийинки бүтүндөй өмүр таржымалы, билим берүү жана илимий ишмердүүлүгү Ош мамлекеттик университети менен тагдырлаш, сапарлаш болду деп айтсак ишенимдүү болот. Анткени агай Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда окутуучу, улук-окутуучу, доцент, кафедра башчысы, физика-математика факультетинин деканы, фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөр институтунун директору, университеттин илимий иштери боюнча проректору кызматтарында үзүрлүү эмгектенип келди.

Учурда эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы кызматында эмгектенүүдө. Ушул мезгил ичинде Байыш Арапович Кыргызстанда катуу телолордун физикасын изилдеген илим мектебин түздү. Өзүнүн багыты боюнча миңдеген жаштарды тарбиялап өстүрдү.

Бүгүнкү күндө агай докторлук жана кандидаттык диссертациялык эки Адистештирилген Кеңештин төрагасы болуп эсептелинет.

Илимий иштеринин жыйынтыгы катары 5 автордук күбөлүккө, 3 патентке, 7 монографияга, 230 дан ашуун илимий макалаларга ээ.

Агай илимпоз жетекчи катары 3 илимдин докторун, 6 илимдин кандидаттарын өстүрдү, илимий иштерин жактатты.

Жакында агай кафедрасынын жанында чоң мультимедиялык залды ачты. Ошондо мен агайдын кафедрасынан билим алып кеткендердин ичинен 30 дан ашуун илимдин кандидаттары, 10 дон ашуун илимдин докторлору чыккандыгын көрдүм.

Ар кандай кафедра эле мындай ийгиликке жете албайт. Бекеринен 2011-жылы бул кафедрага “Золотая кафедра России” ардактуу наамы берилбептир.

Байыш Арапович кандай кызматта иштебесин өзүнө да башкаларга да талап койгон, мыкты уюштургуч жетекчи катары иштеп келүүдө. Өзгөчө өзүнүн илим жолундагы шакирттеринин эксперимент жүргүзүшөбү, илимий иштерин жазышабы, кандай кырдаал, кандай жагдай мезгил болбосун чын дилден жардам берип, колдоп жүргөнүн билебиз. Илимий иштер боюнча проректор катары Ош МУда бир топ Диссертациялык Кеңештерди ачкан, аспирантураны өнүктүргөн эл аралык илимий конференцияларды, симпозиумдарды өтө жогорку деңгээлде өткөргөн илимпоз катары эмгеги өтө бараандуу.

Байыш агай, бүгүнкү күндө университетибиздеги позитивдүү реформаларды колдогон, негативдүү көрүнүштөр болсо, өзүнүн туура көз карашын билдирген, калыс сөзүн айткан профессорубуз.

Эгерде олуттуу маселелер боло калганда, биз дагы агайдын кеп-кеңешине, адилет сөзүнө муктажбыз.

Университетте Байыш агай сындуу ардагерлерибиз, аксакалдарыбыз болгондугу үчүн да Ош МУнун кадыр-баркы, коомдук аброю бийик деп ойлоймун. Ардагер агай-эжейлерибиздин университетибиздин түптөлүшүндө, өнүгүшүндө орду өзгөчө. Алар университетибиздин тарыхын түптөп жатышып, өздөрү да тарыхый чоң миссияларды аткарышты.

Байыш Арапович университетте илимий иштер боюнча проректор болуп иштеген жылдары мен университетте тарбиялык иштер боюнча проректор болуп бирге иштешип, агайдан көп жакшы сапаттарды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алдым десем болот.

Байыш Араповичтин кыздары, уулу баары үй бүлөнүн илимий-династиясын татыктуу улантышты. Уулу Темир, кыздары Элмира, Чынара, Аидалар илимдин жолун тандашкан, илимдин кандидаттары. Жубайы Акбаралиева Гүлсара эже узак жылдар бою ОГПИде окутуучулук кесибин аркалаган кадырлуу ардагер - педагог. Агайдын неберелери да татыктуу билим алышып, чоң атасынын кубандырып жүрүшөт.

Балалыгы Баткендин айылынан башталган Байыш Арапович 70 жаштын белине чыгып, эли-журтубузга ак эмгегин арнап, Ата Журтубуздун алдында жүзү жарык, зоболосу бийик болуп, мааракесин белгилеп жатат. Агайдын басып өткөн жолу, педагогикалык – илимий изилдөөлөрү, жашоосундагы тутунган принциптери, ишмердүүлүгү адамдык мүнөзү жаш муундарга өрнөк жана үлгү болот деп ойлоймун.

Агай 70 жаш кутман курагыңыз кут болсун! Шакирттериңизге устаттык нарк нускалуу сөзүңүздү айтып, элибизге ак батаңызды берип, өзүңүз тагдырлаш болгон Ош МУ менен, үй-бүлөңүз, шакирттериңиз, кесиптештериңиз менен бирге болуп узак өмүр сүрө бериңиз.

Арыбаңыз, Байыш агай!

Исаков К.А.

ф.и.д., профессор

7592 16:13 20-07-2016

                 

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< 1 2 >|