Новости

ОшМУнун 1000 ден ашуун студенттери Ош шаарынын тазалыгы үчүн ишембиликке чыгышты

Ош шаарынын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында Ош шаардык мэриясынын токтомуна ылайык ОшМУнун ректору, профессор К.Исаковдун буйругу менен “Жазгы эки айлык” жарыяланды. Буйрукка ылайык үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан 15-майына чейинки аралыкта университеттин бардык окуу имараттарында, жатаканаларында жана шаардын аймагын жакшыртуу, санитардык тазалыгын сактоо, көрктөндүрүү боюнча жума сайын ишембиликтердин өткөрүлүп туруусу каралган.

“Жазгы эки айлыктын” алкагында 18-19-март күндөрү ОшМУнун окуу имараттарынын айлана-тегеректерин, окуу залдарын жана аудиторияларын, жатаканаларды, Ош шаарынын Сулайман Тоосун, Ак-Буура дарыясын, Токтогул, А.Навои атындагы эс алуу багын, арыктарды тазалоо иштери жүрдү.

“Университетте акыркы 5 жылдан бери «Эң мыкты студенттик тайпа», “Жылдын куратору” сыяктуу тарбия ишине стимул берүүчү сынактар үзгүлтүксүз уюштурулуп, жеңүүчүлөрүнө Ысык-Көл, Сары-Челек, Арстанбап, Абшыр-Ата, Ак-Буура эс алуу жайларына жолдомолор берилип келүүдө. Бул жолдомолорду жеңип алуу үчүн кураторлор менен тайпанын студенттери эң жакшы окуу менен бирге жыл бою коомдук-маданий, спорттук иш-чараларга, ишембиликтерге активдүү катышуулары зарыл. Бүгүнкү Сулайман тоонун айланасын тазоо максатында чыккан 10дон ашуун тайпалар да ушул конкурстун катышуучулары” – деди тарбия департаментинин директору Замирбек Божонов.

Мындан сырткары ушул эле күнү ОшМУнун бардык факультеттеринен миңден ашуун студенттер Ак-Буура дарыясынын жээктеринде, шаардагы эс алуу бактарында ишембиликтерди өткөрүшүп, жээктерди тазалоо менен эс алуу бактарындагы таштандыларды чогултушуп, чыгындыларды чыгаруу иштерин аткарышты. Иш чарага студенттер менен биргеликте окутуучулар, тайпалардын кураторлору катышышты. “Бүгүн ОшМУнун студенттери өздөрүнүн демилгеси менен келип Сулайман тоону тазалоо, таштандылардан арылтуу иштерин жасап жатышат, биз балдарга, университеттин окутуучуларына ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн бир жагынан жаздын келиши менен ыйык тообуз тазаланып жатса, экинчиден Нооруз майрамына карата келген шаардын конокторун, туристтерибизди да жакшы кабыл алабыз деген ойдомун” – дейт жаратылыш жана тарыхый мурастарды коргоону камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Болотбек Келдибеков.



16243 09:09 19-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|