Новости

ОшМУда көп тилдүү билим берүү багытында жыйын болду

Ош мамлекеттик университетинде 18-март күнү “ОшМУ көп тилдүү билим берүү багытында” деген аталыштагы жыйын болуп, жыйынга көп тилдүү билим берүү боюнча ЮНИСЕФтин өкүлдөрү, ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика, орус филологиясы, чет тилдер факультеттеринин окутуучулары катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө көп тилдүү билим берүү боюнча ЮНИСЕФтин эл аралык консультанты Марина Гурбо көп тилдүү билим берүү долбоору боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле ОшМУнун базасында көп тилдүү билим берүүчү кадрларды даярдоо маселелери тууралуу сөз болду.

ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Олжобай Шаимкулов азыркы күндө университетте көп тилдүү билим берүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жыйында суроолор берилип, сунуш-пикирлер айтылды. Жыйын кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы Ташболот Жороев тарабынан уюштурулду.

5015 14:27 18-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|