Новости

ОшМУда Нооруз майрамына арналган кечелер өтүүдө

Ош мамлекеттик университетинде жаңылануунун башаты болгон Нооруз майрамына карата бардык факультеттеринде, коллеждеринде майрамдык салатанаттар башталды. 17-март күнү университеттин №1, №2, №3 жатаканаларында майрамдык кечелер уюштурулду.

«№1 жатаканада кабаттар ортосунда ШТК таймашы уюштулурулуп, студенттердин маанайын көтөрүлсө, №2 жатканада эки үй-бүлөлүү студент жигиттер жаздын башталышы менен союш союп, элдин батасын алып, жатаканада жашаган студенттерда даам сыздырышты. Ал эми №3 жатаканада кыргыздын кыз-жигиттеринин салты болуп келген сармерден кыз-жигит айтышы уюштурулуп, нооруздун негизги улуу тамагы болгон сүмөлөк кайнатылып, элге жакшылык, тынччылык, молчулук тиленди. Факультеттин декандары, орун басарлары студенттер менен бирге майрамдык дастаркондон даам сызып, алардын концерттик программасына күбө болду. Ошондой эле улуттук оюндар да коштолду ”, - дейт ОшМУнун жатаканалар боюнча башкы адиси Жеңишбек Элболдуев.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар салтка айланып жыл сайын уюштурулуп келет. Майрамдык кеченин жүрүшүндө коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкан жатакана кызматкерлерине жана жатаканада жашаган үлгүлүү студенттерге мактоо баракчалары тапшырылды.



Фото Р.Максытовдуку

15677 09:53 18-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|