Сынактын уюштуруучусу болгон ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы Абылкасым уулу Канатбек: “Жыл сайын өтүп, салт болуп калган сынагыбызда быйыл педагогика жана дене тарбия факультетинин студенти Аскарбек уулу Акжолтой «ОшМУ мырзасы – 2014» номинациясына жеңип алды. Ал эми математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Осмонов Уланбек «ОшМУнун интеллектуал мырзасы-2014», искусство факультетинин студенти Кубатбек уулу Догдурбек «ОшМУнун таланттуу мырзасы-2014», Тарых-юридика факультетинен Жусупов Залкарбек “ОшМУнун күчтүү мырзасы”, Педагогика жана дене тарбия факультетинин студенти Аскарбек уулу Акжолтой “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мырза -2014” номинацияларына татыктуу болушту. Сынакка катышкан мырзалар Билайн компаниясынын баалуу белектери жана дипломдор менен сыйланышты, ошондой эле ар бир катышуучуга Ысык-Көлгө жолдонмолор тыпшырылды. Мен ойлойм биздин сынакка катышкан мырзаларыбыз мекендин чыныгы коргоочулары жана чыныгы мырзалар” –деди.
Белгилей кетсек, сынак алгач 20-февраль күнү кесипке багыт берүү иштеринин алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө тартууланган.
Фото: Р.Масытовдуку