Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп эсептелет. “Агайларыбыздын арасында билиярд боюнча биринчиликти биз жыл сайын өткөрүп, салтка айланып калды. Билиярд бул акыл күчүн дагы, дене күчүн да талап кылган спорт түрү. Ошондуктан биз биринчиден окутуучуларга майрамдык маанай тартууласак, экинчиден ден соолук үчүн да абдан пайдалуу”, - деди иш чаранын уюштуруучусу ОшМУнун профсоюз уюмунун төрагасы Абдыжапар Аккулов.
Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Инвестиция жана инновация департаментинин директору, профессор Идирис Кенжаев, 2-орунду педагогика жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Ырысмамат Райымбеков, 3-орунду физика-техника факультетинин ага окутуучусу Зарипбек Айдаров, 4-орунду медициналык колледждин окутуучусу Кубанычбек Жапаровдор ээлешип, профсоюз уюму тарабынан диплом, баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан мелдештин күйөрмандарына жана катышуучуларына атайын түшкү тамак уюштурулуп, эстелик үчүн белектер берилди.
Белгилей кетсек, иш чара Мекен коргоочулардын күнүнүн урматына уюштурулду.