Новости

Эне тил күнүнө карата ОшМУнун дебат клубдары ортосунда ачык чемпионат уюштурулду

21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата ОшМУнун Тарых-юридика факультетинде “Кыргыз тилинин эртеңки келечеги” деген аталыштагы дебат клубдар ортосунда ачык чемпинат уюштурулду. Иш чарага Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан, Ош шаардык мэриясынан, мектептерден калыстар менен биргеликте жалпысы болуп 17 команда катышышты. Узак убакытка созулган дебаттын соңунда эл аралык, ошондой эле түрк лигаларында өздөрүнүн билимдүүлүгүн, чечендигин көрсөтүп келе жаткан ОшМУнун “Нуран” командасы биринчи орунга ээ болуп, I даражадагы диплом, 1500 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, эл аралык дебаттардын катышуучулары, У. Салиева атындагы таланттуу балдардын лицей мектеп –интернатынын “Салиева” командасы 2-орунга ээ болуп, II даражадагы диплом, 1000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, ОшМУнун Медициналык колледжинин “Акыйкат” командасы III даражадагы диплом, 500 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланышса, мыкты катышуучу, мыкты ораторлорго атайын громаталар тапшырылды. Сыйлыктарды тапшырып жатып ОшМУнун дистанттык окутуу жана мамлекеттик тил боюнча проректору О.Шаимкулов: “Биздин артыбызда келе жаткан жаштардын арасында ушундай билимдүү, чечен, өзүнүн ар бир сөзүн аргумент менен далилдей алган, сүйлөө речи бай, дилгир студенттердин бар экендиги бизди аябай кубандырды. Биздин мындай иш чараларды уюштуруп жатканыбыздын негизги максаты эне тилибиздин кадыр-баркын жогорулатуу, тилибиздин көркөмдүгүн арттыруу, жаштардын ортосунда достукту чыңдоо. Бүгүнкү биздин дебатты көрүп отуруп мен кыргыз тилинин келечегине кайдыгер карабаган, патриот жаштар келгендигине күбө болдум”-деди. Белгилей кетсек, ОшМУнун Жаштар Комитети тарабынан ай сайын мындай дебаттар байма-бай уштурулуп келет.
5136 10:56 19-02-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|