Новости

ОшМУнун студенти “Жеңил отлетика” боюнча ачык чемпионатта 1-орунду багындырды

ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин 5 курсунун студенти Казыбеков Алмазбек жакында Бишкек шаарында өткөн “Жеңил отлетика” боюнча ачык чемпионатта 800 метр аралыкта чуркоодо 1-орунду багындырып келди.

Бүгүнкү күндө Алмазбек Кыргызстандын курама командасынын составында өлкөбүздүн намысын коргоодо. Ал азыркы күндө олимпиада оюндарына даярдоочу борбордо КРнын курама командасынын курамында сентябрь айында өтүүчү Азиялык оюндарга даярданууда.

Белгилей кетсек, Казыбеков Алмазбек 3000-5000 метр аралыкта чуркоодо Ош облусунун рекордчусу, 1500 метр аралыкта чуркоодо Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар аралык Универсиадасынын 4 жолку чемпиону. 2012-жылы “Жеңил отлетика” боюнча Кыргызстандын чемпинатында күмүш, 2013-жылы коло медалына жетишкен. Бир нече эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды алып, спорттогу ийгиликтери үчүн 2012-жылы Ош шаарынын “Жылдын мыкты спортчусу”, 2013-жылы ОшМУнун “Жылдын студенти” наамдарына ээ болгон. Ошондой эле ал бир гана спорт жаатында эмес, сабактарды да жалаң бешке окуп, коомдук-маданий иштерге активдүү катышкандыгынын натыйжасында 2013-2014-окуу жылында ОшМУнун “Атуулдук стипедиясынын” стипендианты болду. Айына 100 доллардан төлөнүүчү аталган стипендия, ар жылы мыкты деп тандалып алынган 5 студентке тапшырылып турат.

5021 15:36 18-02-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|