Новости

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева ОшМУнун жамааты менен жолукту

Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын Демилгеси” аттуу фонддун негиздөөчүүсү Роза Отунбаева жана Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургул Кендирбаева Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинде окутуучулар жамааты менен жолугуп, университеттин “Зирек” балдар бакчасындагы балдарга түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты.

ОшМУнун жыйындар залында өткөн жолугушууга Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөр да катышышты. Негизинен бала бакчалардын ишин жакшыртууга арналган жолугушууда Роза Отунбаева балдарды кенже жаштан тарбиялоонун маанилүүлүгүнө жана бул багытта өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана бала бакчалардын жалпы эле билим берүүнүн ишин жакшыртуу үчүн жасалып жаткан жумуштар, инсанды тарбиялоого арналган жаңы программалар, усулдар боюнча кеңири иш алып баруу керектигин айтты. Ошондой балдарды толеранттуулук, көп тилдүүлүк, тазалык сыяктуу коомдук нормаларды үйрөтүү багыттарында изденип, жайкы эс алуу мезгилинде “Жайлоодогу балдар бакчаларынын“ моделдерин түзүү боюнча Жалал-Абад, Баткен, Ош облусундагы жыйындарда сөз болуп, колдоого алынгандыгын кошумчалады. Ошондой эле ОшМУда педагогика адистигинде башталгыч жана мектепке чейинки билим берүү адистиктеринде билим алып жаткан студенттерди “Жайлоодогу балдар бакчаларына” тартуу жөнүндө биргелешип иштөөнү сунуштады. Экс-президент жолугушууга катышып жаткан мугалимдердин, окумуштуулардын сунуштарын угуп, суроолоруна жооп берди. ОшМУнун ректору К.А. Исаков “Республикабыздагы эң көйгөйлүү маселелердин бири болгон мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин сапатын жогорулатуу багытында демилгелерди көтөрүп келе жатасыз. Бул демилгелер биздин жамаатка, жалпы эле элибизге чоң стимул болуп жатат. Анткени жыйырма жылдан бери көмүскөдө, айтылбай калып жаткан маселелерди бүгүн айтып чыгып, өлкөнүн келечеги болгон жаштардын тарбиясына, эртеңине көңүл буруу, кандайдыр бир иш аракеттерди жасоо бул чоң жетишкендик. Биз да бул багытта колубуздан келишинче аракеттерди жасап жатабыз. Буйруса биздин педагог, психолог адистер менен биргеликте бул иш аракеттерде чогуу кызматташабыз деген ойдомун” – деди.

Жолугушуунун алкагында университеттин “Зирек” мектепке чейинки билим берүү түзүмүнө барып, бөбөктөрдүн уктоосу, тамактануусу жана билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, балдар менен жакындан пикир алышты.

Роза Отунбаева өз сөзүндө, ОшМУда жүрүп жаткан иштер, түзүлгөн шартка канааттануу менен карай турганын белгилеп, ушундай шарттарды түзүп, бөбөктөрдүн тарбиясына да кайдыгер карабай, жогорку үлгүдөгү мындай бала бакчанын ишин баштап тургандын өзү коомдогу чоң эрдик экендигин айтып, университет жетекчиси К. Исаковго өтө ыраазы экендигин белгиледи жана жамааттын ишине ийгилик каалады. Мындан ары да бала бакчанын ишин жандандыруу, өнүктүрүү багыттарда бир топ долбоорлор үстүндө биргеликте кызматташаарын билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жаңыдан ачылган “Зирек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 2 тайпада 40тан ашуун бала тарбияланып, аны педагогика илимдеринин кандидаты Токтайым Умурбекова жетектеп келет.

Фото: Р.Максытовдуку

5971 17:39 13-02-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|