Новости

ОШМУДА ОКУТУУЧУЛАРГА ТИЛ КУРСТАРЫ УЮШТУРУЛУУДА

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө КРнын Президентинин Жарлыгына жана 2014–2020-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына негизделип университетте көп тилдүүлүк саясатын жүргүзүү иштери колго алынып, бир топ алгылыктуу иштер болууда.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын негизги максаты Кыргыз Республикасында жашаган бардык этностордун тилин сактоо жана өнүктүрүү менен бирге Кыргызстан элинин биримдигин жана ынтымагын бекемдөөнүн маанилүү фактору катары мамлекеттик тилди колдонууну камсыз кылган натыйжалуу тил саясатына жетишүү, ошондой эле мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдерди эркин билген кыргызстандыктардын көп тилдүү жаңы муунун калыптандыруу болуп саналат. Ошондой эле Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү тил саясатынын максаты педагогикалык кадрлардын бардык багыттары боюнча адистерди мамлекеттик тилде, азыркы мыйзамдардын талаптарына ылайык кыргыз, орус жана чет тилдер боюнча окутуучуларды даярдоо жана алардын кесиптик дасыгын жогорулатуу болуп саналат. Андыктан университетте аталган улуттук программага ылайык түзүлгөн пландардын алкагында бүгүнкү күндө ОшМУда эмгектенген окутуучулардан куралган тогуз тайпага англис, орус, кыргыз тилдериндеги 120 сааттык тил курстары уюштурулуп, аларга билим берген филологдорго университет атайын каражат бөлүп берип, айлык акылары төлөнүп берилүүдө.

“ОшМУда мындай тил үйрөтүү курстарынан сырткары бир топ атайын иш пландар иштелип чыгып, аткарылуу процесстери жүрүп жатат. Ал эми тил курстарынын жыйынтыгында катышуучулардын тил билүү деңгээлине ылайык атайын сертификаттар ыйгарылат жана бул ушуну менен токтоп калбай улантыла берет”,- деген маалыматты ОшМунун дистанттык окутуу жана мамлекеттик тил боюнча проректору Олжобай Шаимкулов билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндү 21-февраль бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата окуу жайда дебаттар, тегерек столдор, дил баяндар сынагы, түрдүү улуттардын тилин, маданиятын чагылдырган концерттик программалар, китеп көргөзмөлөрү сыяктуу иш чаралар бардык факультеттерде, колледждерде, лицейлерде уюштурулууда.

6452 09:10 13-02-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|