Новости

ОШМУДА КОРРУПЦИЯНЫ ЖОЮУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ БОЛДУ

Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында 29-январь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциялык себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруу боюнча элге билим берүү тармагында аткарылган иштер туурасынды Координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Ош шаарынын прокурору Шакир уулу Атай, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев, укук коргоо органдарынан, Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын ректорлору, билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр катышышты.

Кеңешменин жүрүшүндө жогорку окуу жайларынын ректорлору коррупция менен күрөшүү багытындагы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, айрым сунуштарын айтышты. Сөзгө чыккан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков презентациясында бүгүнкү күндө окуу жай коррупциялык терс көрүнүштөрдү жоюу багытында алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгын, атап айтканда 3 көз карандысыз тестирлөө жана дистанттык окутуу борборлору түзүлүп, студенттердин билимин ачык-айкын балоо процесси жүрүп жаткандыгын, абитуриенттерди кабыл алууда Республикада биринчилерден болуп кабыл алуу процессин он-лайн режиминде интернетке жайгаштыргандыгын, толук кандуу электрондук башкарууга өткөндүгүн, бардык факультеттерде видео көзөмөлдөр уюштурулуп, видео-конференциялар жүргүзүлүп тураарын жана жетекчилик кызматтарга жигердүү эмгектенген жаштар тартылып жаткандыгына токтолду.

Координациялык кеңешменин жыйынтыгында атайын чечим кабыл алынып,мындай иш чаралар токтоп калбай бардык тармактарда улантылары айтылды.

Фото: Р.Максытовдуку

5878 09:04 13-02-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|