Новости

ОшМУга USAIDДИН ӨКҮЛҮНҮН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ КЕЛДИ

Ош мамлекеттик университетине USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн биринчи орун басары Кевин Дин келип университеттеги автоматташтырылган билим берүү системасы, көз карандысыз тестирлөө жана дистанттык окутуу борборлору, билим берүү жолундагы 75 жылдык тарыхы камтылган музейи, USAID менен биргеликте жүзөгө ашырылган долбоорлору менен таанышып чыкты.

Жолугушуу мезгилинде Кевин Дин Ош шаарындагы USAIDдин жүргүзүп жаткан иштери менен таанышып, өзгөчө түрдүү долбоорлор аркылуу жакындан кызматташып келе жаткан өнөктөштөр менен баарлашуу, мындан ары да биргелешип иштөө пландары тууралуу пикир алышуу максатында келгендигин айтты.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков: “USAID менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу менен бир топ коррупциялык элементтердин алдын ала алдык. Жакында университетте КРнын вице-премьер министири, Билим берүү жана илим министири, Кыргызстандын жети облусундагы 37 окуу жайдын жетекчилеринин катышуусундагы кеңешмеде КРдин Вице-премьер министири К.Талиева окутуу системасын оптималдаштырууга, паракорлукка каршы күрөшүүгө жана ЖОЖдорго болгон коомчулуктун ишенимин арттырууга ОшМУнун бүгүнкү иш аракеттери тажрыйба боло алаарын айтып, бул тажрыйбаларды башка окуу жайларга жайылтууну сунуш кылды. Андыктан мындан ары да жаңы механизмдерди билим берүү процессине алып келүү, өнүктүрүү багытында пландарыбыз бар, бул багытта да алгылыктуу иштерди жасоодо биргеликте кызматташабыз”, -деген оюн билдирди.

Ал эми Кевин Дин Ош мамлекеттик университети жаңычылдыкка умтулуп жаткан жана тынымсыз изденүү, өнүгүү жолунда бара жаткан окуу жай экенине токтолуп, ОшМУ менен USAIDдин кызматташтыгы мындан ары да ири долбоорлор алкагында улана берээрин кошумчалады.

Фото: Р.Максытовдуку

6092 08:48 13-02-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|