Новости

ОшМУнун 75 жылдыгына карата спартакиада башталды

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесине карата университеттин бардык структураларында түрдүү иш-чаралар уюштурулуп келүүдө.

Бул багытта 13-октябрдан 20-октябрга чейин өтүүчү 1-курстар арасындагы спартакиада башталды.

Мелдеш спорттун волейбол, кичи-футбол, баскетбол, жеңил атлетика, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси жана ордо оюндары боюнча эркектер жана кыздар арасында өтүп, окуу жайдын бардык окуу бөлүмдөрүнөн командалар катышууда. Бул спорттук мелдеш жаңыдан окууга кабыл алынган 1-курстун студенттеринин арасында спортко шыктууларды тандоо, ОшМУнун курама командасын жаш студенттер менен толуктоо максатында жыл сайын уюшулуп келет.

Мелдештин ачылуу салтанаты Ош мамлекеттик университетинин №2 окуу корпусундагы спорт аянтчасында уюштурулуп ага ректораттын өкүлдөрү, спорт күйөрмандары, студенттер катышышты. Салтанаттуу жыйында ОшМУнун ректору Каныбек Исаков мелдештин катышуучуларына ийгилик каалоо менен университеттин, Кыргызстандын намысын түрдүү республикалык, эл аралык, дүйнөлүк мелдештерде коргоп келе жаткан белбоо күрөшү боюнча 100 килограммдан ашуун категорияда «Евразия — 2014 Кубогунда» таймашып күмүш медалга, 2013-жылы Россия Федерациясынын Казань шаарында өткөн XXVII дүйнөлүк жайкы күрөштүн классикалык стили боюнча коло медалга, 1-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда «Алыш» күрөшү боюнча 100 килограммдан ашык балбандар арасындагы күмүш медалга ээ болгон Кадыр Келсинбеков, Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасынын курамында “Жеңил отлетика” боюнча катышуучусу, 3000-5000 метр аралыкта чуркоодо Ош облусунун рекордчусу, 1500 метр аралыкта чуркоодо Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар аралык Универсиадасынын 4 жолку чемпиону болгон Казыбеков Алмазбек тууралуу айтып, студенттик доордогу мүмкүнчүлүктү кое бербей, спорт менен достошуп, талыкпай эмгек жасоого чакырды.

ОшМУнун факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын башчысы Абдимажит Назиров: “Мелдеште артыкчылыгын көрсөткөн студенттердин баары ОшМУнун курама командаларына кабыл алынып, андан ары машыгууларын улантышат”-деп билдирди.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө ректораттын, профсоюз уюмунун дипломдору, сыйлыктары тапшырылат. Кошумчалай кетсек 2014-жылкы Универсиаданын 1-лигасында оюн көрсөткөн ОшМУнун командасы спорттун бардык түрү боюнча ийгиликтерди жаратып Универсиаданын чемпиондугун жеңип алган.

6041 16:59 15-10-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|