Новости

ОшМУнун Медициналык клиникасынын курулушу аяктап, ачылууга даяр

Ош мамлекеттик университетинин 2013-жылдын октябрь айында башталган 4 кабаттуу Медициналык клиникасынын курулуш иштери аяктады. Клиниканын ачылуу аземи ОшМУнун 75 жылдык мааракесине карата 23-октябрда саат 9:00дө башталат.

Европалык типте курулган бул клиника Ош мамлекеттик университетинин ички мүмкүнчүлүктөрүнүн эсебинен 250 орун бейтаптарды дарылоого ылайыкташтырылып, ал неврология, кардиология, эндокриналогия, жалпы терапия, дарт аныктама жана кеңеш берүүчү бөлүмдөрдөн турат. Жалпы аянты 4500 м2 түзөт.

Клиника окуу-лабораториялык база жана өндүрүштүк практикага ылайыкташып, анын төмөнкү кабаттарында студенттер билим алуучу лекциялык залдар, 250 орунга ылайыкташкан конференциялык зал жана лабораториялар жайгашкан. Жогорку кабаттары дарт аныктоочу жана дарылоочу заманбап медициналык жабдуулар, аппараттар менен жабдылып, жогорку сапаттагы медициналык кызматтар көрсөтүлөт. Клиника Ош шаарынын Түштүк-чыгыш тарабындагы ОшМУнун “Ак буура” КАМПУСунда жайгашкан. Окумуштуу-окутуучулар бул жерден өздөрүнүн илимий тыянактарын, жаңы тажрыйбаларын иш жүзүндө көрүүгө, студенттер, аспиранттар, ординаторлор практикалык тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берет.

Фото: Рашит Максытовдуку

9482 15:35 15-10-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|