Новости

Искусство факультетинин чыгармачыл студенттери окутуучуларды куттуктады

Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинде ОшМУнун 75 жылдык мааракесине жана мугалимдер күнүнө карата 8-октябрь күнү майрамдык кече уюштурулду.

Майрамдык кечеде Искусство факультетинин музыка бөлүмүндө 1-2-курста билим алып жаткан таланттуу студенттердин жандуу үн менен коштолгон концерттик программасы менен биргеликте, факультеттин “ДО” шайыр тапкычтар клубунун мырзаларынан күлкү тартууланды.

“Бүгүнкү кече университетибиздин 75 жылдык мааракесине жана ак дилден жаштарга таалим-тарбия, билим берип жаткан мугалимдерди майрамы менен куттуктап, жагымдуу маанай тартуулоо максатында уюштурулган. Түйшүктүү бирок сыймыктуу кесиптин ээлери болушкан жалпы окутуучу агай-эжекелерди майрамы менен куттуктап, талыкпаган эмгек, чыгармачылык эргүү каалаймын”, -деген Искусство факультетинин деканы Кылычбек Курбанбаев кеченин уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

10099 15:08 08-10-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|