Новости

ОшМУда “Сулайман-Тоо-тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу илимий-практикалык конференция өз ишин баштады

“Мамлекетти бекемдөө жылына” жана Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган “Сулайман-Тоо-тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу илимий-практикалык конференциясы бүгүн, 2-октябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин чоң актылык залында башталды. Илимий-практикалык конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттарынан, Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн өкүлдөр, Кыргызстандагы БУУ системасынын туруктуу координатору Александр Аванесов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, көрүнүктүү илимий адистер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстанда конфликтология жаатында кадрларды өрчүтүү жана жалпы илимий билим берүү потенциялын жогорулатуу боюнча сөз болууда. Ошондой эле БУУнун тынчтыкты куруу фондусунун алкагында Кыргыстанда ишке ашып жаткан долбоорлордун жүрүшү боюнча маалымат берилет. Уюштуруучулардын айтымында конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып ал Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жана аткаруу мекемелерине жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, “Сулайман-Тоо-тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестивалы Ош шаарында 2-6-октябрь күндөрү өтөт. Фестивалдын алкагында Сулайман-Тоосунун элдерди биримдикке алып келүүдөгү ролуна арналган концерттер, театрлашкан оюндар, көргөзмөлөр, жарманкелер өткөрүлөт.

Фестиваль Ош шаарынын мэриясы, ПРООН, GIZ, ЕККУ, БУУнун тынчтыкты куруу фонду, УВКБ ООН, ОшМУ, Финляндия өкмөтү, Евразия фонду, КРнын тышкы иштер министрлиги, Youth of Osh, ААК “Жер Азыгы” жана башка уюмдардын колдоосу менен уюштурулган.

10515 12:00 02-10-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|