Новости

ОшМУда ардагерлерге сый көрсөтүлдү

Бүгүн 30-сентябрь күнү Ош мамлекеттик университетинде эмгектенип жаткан жана эс алуудагы 150дөн ашуун ардагер мугалимдерге сый көрсөтүлүп, акчалай жардам берилди.

Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата ар жылы салтка айланып өткөрүлүп келген иш-чара окуу жайдын ректораты, профсоюз уюму тарабынан уюштурулуп, ардагерлерге арналып дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, ар бирине акчалай сыйлыктар берилди.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, профсоюз комитетинин төрагасы Абдыжапар Аккулов, ОшМУнун Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Арап Анарбаевдер өмүрүн, жаштыгын, эмгегин ОшМУга арнаган агай-эжекелерди, кызматкерлерди майрам менен куттуктап, ден соолуктары чың, өмүрлөрү узун болуусун, университеттин ийгиликтеринде дайыма баш болуп, калыс пикирлерин айтып, жаштарга өрнөк болуп жүрүүсүн тилешти.

Ардагерлер ошондой эле ОшМУнун ички каражатынын эсебинен курулуп жаткан медициналык клиника менен таанышып, университеттин 75 жылдык данктуу мааракесинин алдында ачылуусу пландалып жаткан клиниканын ишине ийгилик каалап, ак баталарын беришти жана университеттин жалпы жамаатына, жетекчилигине жаштардын татыктуу билим алуусу үчүн тынымсыз изденүү менен эмгектенип жаткандыктарына ыраазычылыктарын айтышты.

Ал эми университет жетекчиси майрам ээлерин куттуктап жатып, ОшМУнун медициналык клиникасы келечекте университеттин ардагерлерине кезексиз, атайын жеңилдиктер менен кызмат көрсөтөөрүн кошумчалады.

Майрамдык кече Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алыбаев, обончу жана аткаруучу Түмөнбай Кодошов баш болгон ОшМУнун таланттуу агай-эжекелеринин, студенттеринин концерттик программасы менен коштолду.

8788 17:18 30-09-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|