Новости

ОшМУнун студенти Алмазбек Казыбеков Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан 17-Азия оюндарында бүгүн 30-сентябрь күнү 800 метрге чуркайт

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан 17-Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасынын курамында “Жеңил отлетика” боюнча катышып жаткан ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Казыбеков Алмазбек бүгүн 30-сентябрь күнү 800 метрге чуркайт.

Оюн Кыргызстандын коомдук телерадио берүү корпорациясы (КТРК) тарабынан бүгүн кечки саат 17-20дан 18-30 чейинки аралыкта түз алып берилет. Жалпы спорт күйөрмандары Алмазбекке алга демекчибиз!

Кыргыздын желегин Азия оюндарында желбиретүүсүнө тилектешпиз. Белгилей кетсек, Казыбеков Алмазбек 3000-5000 метр аралыкта чуркоодо Ош облусунун рекордчусу, 1500 метр аралыкта чуркоодо Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар аралык Универсиадасынын 4 жолку чемпиону. 2012-жылы “Жеңил отлетика” боюнча Кыргызстандын чемпинатында күмүш, 2013-жылы коло медалына жетишкен. Бир нече эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды алып, спорттогу ийгиликтери үчүн 2012-жылы Ош шаарынын “Жылдын мыкты спортчусу”, 2013-жылы ОшМУнун “Жылдын студенти” наамдарына ээ болгон. Ошондой эле ал бир гана спорт жаатында эмес, сабактарды да жалаң бешке окуп, коомдук-маданий иштерге активдүү катышкандыгынын натыйжасында 2013-2014-окуу жылында ОшМУнун “Атуулдук стипедиясынын” стипендианты болгон сыймыктуу студентибиз.

9392 13:44 30-09-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|