Новости

ОшМУда Билим майрамы белгиленди

Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 5 факультеттин окутуучулар жамааты, студенттеринин катышуусундагы “Билим күнүнө” карата уюштурулган жыйын болуп, ал Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.

ОшМУнун окутуучулук-профессордук курамын жана студент болуу бактысына ээ болуп, университеттин босогосун алгач аттап жатышкан студенттерди билим майрамы, күнү кече мамлекетибиздин бардык аймактарында чоң салтанат менен белгиленген Эгемендүүлүктүн 23 жылдыгы менен куттуктаган ОшМУнун ректору Каныбек Исаков 2014-2015-окуу жылына карата кайрылуусу менен тааныштырды. “Жаңы окуу жылыбыз Ош мамлекеттик университети үчүн өзгөчө тарыхый, мааниси чоң жыл. Ушул окуу жылдын 16-17-октябрларында Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык даңктуу маарекесин белгилейбиз.

Бул маареке – 75 жылдан берки билим берүү, илим изилдөө, тарбиялоо сапарында мамлекетибизге сиңирген эмгегибизди көрсөтүп, эл журт алдында эсеп-кысап берчү күн болот. Андыктан баарыбыз бул маарекеге маани берип, эл алдында жамаатыбыздын жүзү жарык болушуна аракеттенели, салым кошолу”- деп башталган кайрылуусунда өткөн окуу жылындагы жасалган иштер, жетишкен ийгиликтер тууралуу айтуу менен жаңы окуу жылындагы алдыдагы жасалчу иштерге өзгөчө басым жасап, студент, окутуучу, кызматкерден тартып ар бирибиз өзгөрүүнү жана өнүгүүнү өзүбүздөн баштап, ой-жүгүртүүбүздү, ишке жана бири-бирибизге карата болгон мамилебизди өзгөртпөсөк, анда олуттуу өнүгүүнү камсыз кыла албайбыз деди.

Сөзгө чыккан чыккан ардагер окутуучулар, факультеттин декандары студенттерди татыктуу билим алуу менен Ата Мекенибизге кызмат кылган, эли-журттун керегине жараган инсандардан болуусуна тилектеш экендиктерин айтты.

Андан соң ОшМУнун ректору Кыргыз филологиясы жана журналистика, Орус филологиясы, Эл аралык мамилелер, Педагогика жана дене тарбия факультеттери, Билим лицейи жайгашкан ОшМУнун кампусунда болуп Билим майрамына арналган жыйынга катышты.

Белгилей кетсек, мындай Билим күнүнө арналган жыйындар университеттин бардык факультеттеринде, бөлүмдөрүндө, лицейлеринде, колледждеринде да болуп, алардын ар бирине атайын ректораттан өкүлдөр катышты. Жайкы эс алуу мезгилинде ОшМУнун бардык факультеттеринде окуу имараттарын жаңылоо, модернизациялоо багытында иштер жүрдү, бүгүнкү күндө окуу процесси толугу менен башталды.

10635 13:47 01-09-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|