Новости

ОшМУнун ректорунун КАЙРЫЛУУСУ

Кадырлуу агай-эжейлер, илимпоз устаттар, кесиптештер!

Ардактуу студент достор!

Баарыңыздарды мамлекетибиздин Эгемендүүлүгүнүн улуу майрамы менен ак дилден куттуктаймын.

Ал эми бүгүнкү Билим майрамыбыз, жаңы окуу жылыбыз эли-журтубузга, жаштарыбызга билимдин, илимдин, жакшылыктын жана адамгерчиликтин үрөнүн сепкен жемиштүү изденүүлөрдүн жана ийгиликтердин башаты болсун деп тилек кылалы.

Жаңы окуу жылыбыз Ош мамлекеттик университети үчүн өзгөчө тарыхый, мааниси чоң жыл боло тургандыгын баса белгилегим келет. Ушул окуу жылдын 16-17-октябрларында Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык даңктуу маарекесин белгилейбиз.

Бул маареке – 75 жылдан берки билим берүү, илим изилдөө, тарбиялоо сапарында мамлекетибизге сиңирген эмгегибизди көрсөтүп, эл журт алдында эсеп-кысап берчү күн болот. Андыктан баарыбыз бул маарекеге маани берип, эл алдында жамаатыбыздын жүзү жарык болушуна аракеттенели, салым кошолу.

Өткөн окуу жылы да университетибиздин коомдогу аброю көтөрүлгөн, жамаатыбыздын жана жаштарыбыздын жакшылыгы көп болгон сапаттык өсүүлөрдүн жылы болду. Заманбап сапаттуу билим берүү багытында окуу процессин автоматташтыруу, окутуунун кредиттик жана дистанттык технологияларын үйрөтүү боюнча окуу жылында 20 дан ашык регионалдык жана Республикалык семинарлар уюштурулду жана 136 багыт боюнча лицензиялар алынды.

Жумушчу окуу пландарды түзүүгө студенттердин түздөн-түз катышуусу жандандырылып, аларга предметти, окутуучуну тандоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.

Окуу процессин сапаттуу уюштуруу максатында кредиттик технологиянын талабына ылайык академиялык карыздарды жоюуда кайра тапшырууну уюштуруудан баш тартып, жайкы семестр аркылуу кайрадан окутуу ишке ашырылды. Бул аракет студенттердин негизги сессиядагы (АКЖга чейинки) жетишүүсүн 95% чейин жеткирүүгө шарт түздү. Студенттердин билимин баалоодо ачыктыкты, обьективдүүлүктү камсыздоо максатында көз карандысыз тестирлөө борборлорунда сынактар уюштурулду.

“AVN” информациялык системасынын жардамында студенттердин рейтингин аныктоо мүмкүнчүлүгү түзүлүп, студенттердин арасында сапаттуу билим алуу үчүн атаандаштык жаралды.

Абитуриенттерди кабыл алууда республикабызда биринчи болуп, оперативдүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыз кылып, кабыл алуу процессин он-лайн режиминде уюштурушубуз Өкмөттүк деңгээлде жактырылып, Кыргызстандын бардык ЖОЖдоруна министрдин буйругунун негизинде жайылтылды.

Университеттин бардык структуралык бөлүмдөрүнүн иш аракеттери боюнча отчетторун сайт аркылуу коомчулукка алып чыгуу демилгеси ишке ашырылып, ОшМУнун сайтынын ишмердүүлүгү жаңы баскычка көтөрүлдү.

Бүтүрүүчүлөр менен байланышты күчөтүү максатында ОшМУнун сайтына бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы бөлүмү ачылып, миңдеген бүтүрүүчүлөрүбүз менен байланышты кайра жандандырууга жетиштик.

“Ирбис”-64 программасы алынып, библиотеканынын ишмердүүлүгү автоматташтырылууда. Кыргызстандын 52 университетинин ректорлору, Вице-премьер министр, Билим берүү жана илим министри катышкан Өкмөттүк жыйын ОшМУда өткөрүлүп, ОшМУдагы тажрыйбалар аларга үлгү катары көрсөтүлдү. Өзгөчө электрондук башкаруу системасы жана антикоррупциялык иш аракеттерибиз республикага жайылтылды.

Антикоррупциялык иштер акыл эстүү жана системалуу түрдө ишке аша баштады. Университетте илимий иштер, илимий долбоорлор менен иштөө жакшы колго алынууда. ОшМУ республикалык Универсиадада I орунга ээ болду.

КВН командабыз “Тамашоу” лигасында өлкөбүздүн чемпиону болду. “Enactus” командабыз Кыргызстандын улуттук лигасында чемпиондукту жеңип алып жакын арада Пекин шаарында өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды.

Университеттин билим берүү инфраструктурасын жакшыртуу, реконструкциялоо, модернизациялоо багытында чоң долбоорлор ишке ашып жатат.

Өткөн жылы декабрда башталган медициналык клиниканын курулушу аяктап, ачылуунун алдында турат. Стаматологиялык клиника да октябрь айында ишке берилет. Бардык окуу корпустары, кафедралар, аудиториялар, жатаканалар, спорт комплекстери өзгөрүлдү жана жаңы мазмунга, жаңы обликке ээ болуп жатканын өзүңүздөр баам салып, салыштырып байкап жатасыздар.

Өзгөчө ички жана тышкы инвесторлор менен биргелешип иштешүү аркылуу жалпы суммасы 95 млн сомдук долбоорлор, иш аракеттер турмушка ашты.

Эл аралык өнөктөштөр менен иштешүү, алардын ишенимине кирип, инвестициялык климат жаратуу багытында да иштерибиз бир топ жандандырылды.

Университетке 500гө жакын магистранттар кабыл алынды. Ар бир факультетте магистратура бөлүмү иштей баштады. Бул мүмкүнчүлүктөр да ОшМУга берилген чоң жоопкерчилик болду.

Жаңы структуралар “Билим”, “Ыйман” лицейлери, “Зирек” балдар бакчасы коомчулукта биздин ишенимибизди актады.

Жогоруда айтылган да, айтылбаган да ийгиликтерибиз өзүбүз менен болот. Эми алдыда кандай максаттарыбыз бар?

Биринчи кезекте Ош мамлекеттик университетинин бардык структураларын модернизациялоо милдети алдыбызда турат.

Ар бир өзгөрүүнү жана өнүгүүнү өзүбүздөн баштап, ой-жүгүртүүбүздү, ишке жана бири-бирибизге карата болгон мамилебизди өзгөртпөсөк, анда олуттуу өнүгүүнү камсыз кыла албайбыз.

Зуулдап мезгил, дүйнө, өзгөрүүдө, ошого жараша технология да өнүгүүдө, убакыттын учкул талабы да өзгөрүүдө.

А биз болсо ошол өзгөрүүгө тоскоолдук кылбай, өнүгүүгө жол ачышыбыз керек. Биз окуткан жаштар 20 жылдан 40 жылдан кийин келе турган талаптарга, стандарттарга даяр болушу зарыл.

Андыктан окуу группаларында, студенттердин билим алууга карата мамилесин, шарттарын, талаптарын, ынтызаарлыгын, окууга болгон дилгирлигин өзгөртөлү. Кафедраларда иштеген ар бир окутуучу билим берүү деңгээлин жакшыртпаса, мурдагыдай эле өзгөрбөй, катып, консерватизм менен жашап жүрө берем десе, анда университетибиздин коомдук аброю көтөрүлбөйт, тескерисинче, айрым кафедралар, структуралар студенттердин талабы менен өздөрүн-өздөрү жаап тынат.

Ар бир группа, кафедра, факультет, андагы окуган жана иштеген кесиптештерибиз университетти модернизациялоого – жаңы интеллектуалдык, профессионалдык, технологиялык өнүгүүнүн сапаттык тепкичине көтөрүлүүгө салым кошуусуна түрткү беребиз, шарт жаратабыз.

Университетте жаңы типтеги, таза, изденген, бизди эл аралык таанымга ээ кыла ала турган жаңы структураларды ачууну тез темпте улантабыз.

Кыргыз-Америкалык факультетин, Кыргыз-Европа факультетин ачабыз. Ал жерде билим берүү толук англис тилинде жүргүзүлгөн окутуунун алдыңкы технологияларын киргизебиз, инвестициялык долбоорлорду түзөбүз, заманбап ой жүгүрткөн окутуучулардын жаңы образын жаратабыз.

Билим берүү экспортун өнүктүрөбүз жана чет өлкөлүк студенттер үчүн Жогорку медициналык мектепти курууга жана ачууга аракеттенебиз.

Заманбап жаштар борборун курабыз жана жаштар паркын түзөбүз.

Университеттин Интеллектуалдык борборун куруу иштерин баштайбыз.

Урматтуу агай-эжейлер жана студент достор!

Бүгүн Кыргызстандагы Ата Мекендик университеттерде иштегендер терең ойлонууга тийишпиз. Себеби изденбей, алдыга умтулбай, жөн гана бир калыпта өткөндү эңсеп коюп жашап жүрө берсек, жаштардын ишеничин актай албай, элибиз бизден күткөн интеллектуалдык түшүмдү бере албай калабыз. Себеби башка мамлекеттер менен биргелешип түзүлгөн университеттер биз ойлонуп жаткан учурда өнүгүүнүн жолун таап алдыга кетишүүдө.

А биз жаңы мезгилдин чакырыктарына ылайык университетти трансформациялоого аракеттенишибиз керек.

Канткенде ийгиликтүү университеттин моделин түзөбүз? Ийгиликтүүлүктүн рецеби кандай болушу керек? Ийгиликтүү университеттин башкы критерийлери эмнелер болушу шарт?

Бүгүнкү доор студенттен эмнелерди талап кылат? Глобализация учурунда студенттер кандай сапаттарга ээ болушу керек? Канткенде биз кыргыз жаштарына татыктуу билим берип, эл аралык деңгээлге ылайык адис кылып тарбиялайбыз?

Бул ойлор мени кыжалат кылып, түйшүккө салып жүргөн ойлор. Сиздерди да ушул суроолорго жооп издеп көрсөңүздөр деп ой жүгүртүүңүздөргө жем таштап жатам. Бирок бир чындыкты Сиздерге айткым келет. Азыр биз Сиздер менен ошол ийгиликтүү университеттин моделин түзүүнүн үстүндө, ийгиликтүүлүктүн рецебин издөөнүн жолунда бараткандыгыбызды айткым келет. Акырын айлана-тегерекке абай салып, аңдасаңыз, университетибиздин заман талабына ылайык трансформациялоонун жолуна түшүп жатканын байкайсыз. А бизге өнүгүү үчүн ар бириңиздердин каалооңуздар, аракетиңиздер абадай зарыл болууда.

Улуттук баалуулуктарыбызды, нарк дөөлөттөрүбүздү унутпай, заманбап ой жүгүртүп, мезгилдин ургаалдуу өнүгүүсүнөн артта калбаш үчүн университетибиздин модернизациялоо программасын турмушка ашырууга белсенип киришели. Кыргызстанда 2014-жылдын 1-сентябрынан баштап адистиктерди аттестациялоону көз карандысыз эл аралык акредитациялык агенстволор жүргүзө тургандыгын эсиңиздерге салгым келет. Сиз менен биздин эмгегибиз эми эл аралык коомчулуктун таразасына түшөт.

Урматтуу агай-эжейлер!

Студент достор!

Жаңы окуу жылы Сиздерге ырыскы-бакыт алып келсин!

Жамаатыбызга ынтымак-биримдик берсин!

Улуу максаттарга бирге жетели!

Урматтоо менен,

ОшМУнун ректору,

филология илимдеринин доктору,

профессор К. А. Исаков

12856 11:34 01-09-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|