Новости

Бүтүрүүчүлөр мектептерге бөлүштүрүлдү

2017-2018-окуу жылында Ош мамлекеттик университетиндеги педагогикалык (бюджет) адистикке ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү иш чарасы Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген график боюнча 23-24-апрель күндөрү өткөрүлдү. Жалпы университет боюнча 9 факультет (242 бүтүрүүчү) бөлүштүрүүгө катышты. Иш чараны ОшМУнун ректору, профессор К.А. Исаков ачып, өз сөзүндө аймактарды өнөктүрүү жылына карата жаш адистерди айыл аймактарга жана толуу райондордо иштеп берүүсүнүн маанилүүлүгү жөнүндө белгилеп кетти. Жыйынга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, кадрлар бөлүмүнүн башчысы, профкомдун төрагасы, факультеттердин декандары, тайпалардын кураторлору, Ош облусунун райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү келип катышты. Жалпысынан Ош шаарынан 163 бош орун, райондордон 167 бош орундар (заявка) түшкөн, бүтүрүүчүлөр келген бош орундарды өздөрү жашаган аймактарга ынгайлаштырып тандап алышты жана талапнаамаларынын негизинде бөлүштүрүлдү. Профсоюз комитетинин төрагасы, г.и.к., доцент А.Аккулов университеттин ректораты менен профкомдун ортосунда кабыл алынган Жамааттык Келишимдин талаптарына ылайык студенттер арасында профсоюзга мотивациялоо иштери, аларга көрсөтүлгөн социалдык камкордук, материалдык колдоолор, дегеле профсоюзга мүчө болуунун артыкчылыктары жөнүндө айтып, азыркы бүтүрүүчүлөр соңку эки жылдан бери баары профсоюзга мүчө экендиктерин, колдорунда профсоюздук билеттери бар экендигине токтолду. Ал “Биздин бүтүрүүчүлөр бизге кесиптеш болуп жетилдиңер, бул профсоюздук билеттер силерге профсоюз тарабынан эми мындан аркы турмушка берилген жолдомо катары кызмат кылат. Мектептерге барсаңар, ал жерде педагогикалык жамаат, эң негизгиси силерди үмүттүү караган окуучулар күтүп алышат. Жергиликтүү бийликтер мектеп администрациялары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык силерге жумушка киришкенден баштап тийиштүү жөлөк пулду төлөп берүү, турак-жай менен камсыз кылуу сыяктуу социалдык жактан колдоолорго алууга милдеттүү болушат. Жогорку билимдүү жаран катары ар бириңер өз укуктарыңарды коргоп алганга толук мүмкүнчүлүгүңөр бар” деп баса белгилеп өттү. Карьера борборунун жетекчиси Жакыпова Гулмира акыркы 5 жылдагы педагогикалык адистиктин бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка жайгашуу көрсөткүчү боюнча презентация жасады. Быйылкы жылы башка жылдардан өзгөчөлөнүп аймактарды өнүктүрүү жылына карата тоолуу райондорго жана алыскы аймактарга өз каалоолору менен көптөгөн алдыңкы бүтүрүүчүлөр бөлүштүрүлдү.
2191 10:44 27-04-2018

                 

Новости

|< 1 2 >|