Новости

Кызыктуу сынак көптөрдүн кызыгуусун жаратты

Ош мамлекеттик университетинде быйылкы “Адамдык мамилелерди өркүндөтүү” жылына карата 28-март күнү университеттин Студенттик Акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган “Эң мыкты студент – мугалимдин көз карашында” аттуу видеоролик сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Сынак студенттин укук-милдеттерин чагылдыруу, алдыңкы адамдык мамилелерди көрсөтүү, студенттердин алдыга койгон максаттарын көрсөтүү максатында уюштурулду. Видео ролик сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктоо аземине ректораттын өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер катышышты. Сынакка катышууга түшкөн видео роликтер атайын калыстар тарабынан бааланды. Жыйынтыгында жобого ылайык мыкты роликтер тандалды. Биринчи орунду багындырган дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети уюлдук телефон, экинчи орунду ээлеген индустриалдык-педагогикалык колледжи велосипед, үчүнчү орунга ээ болгон математика жана информацилык технологиялар факультетинин студенттери микролаб колонка жана дипломдор менен сыйланышты. Сынакты өткөрүүгө жана жеңүүчүлөрдү сыйлоого каражаттар ОшМУнун профсоюз комитети тарабынан бөлүнүп берилди.
2074 15:39 30-03-2018

                 

Новости

|< 1 2 >|